Кыргызстанда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун бири ишке ашканы турат. Тактап айтканда, «2-баскычтагы мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Сауд Арабия өнүктүрүү фондунун ортосунда түзүлгөн насыялык келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.
Маалым болгондой, насыялык келишимге 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Документти бекитүү Кыргызстанга билим берүү тармагына кошумча инвестиция тартууга жана жаңы мектептерди курууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоорго ылайык, Финансы министрлиги бардык ички жол-жоболор аяктагандан кийин Сауд өнүктүрүү фондун расмий түрдө кабардар кылууга тийиш. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошо алганда, жалпы суммасы 187,5 миллион Сауд риалын же болжол менен 50 миллион АКШ долларын түзгөн насыя тартууну пландаштырууда. Насыянын жылдык пайыздык чени 1,5 пайызды түзөт.
Тартылган каражат Бишкек шаарында беш жаңы мектепти жана жети кошумча окуу имаратын, ошондой эле Чүй облусунда эки жаңы мектепти курууга жумшалат. Долбоорду ишке ашыруу 2026–2029-жылдарга пландалган.
Белгилей кетсек, бул багыттагы кызматташтык мурда да ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Долбоордун биринчи фазасынын алкагында өлкө боюнча жалпы 8060 окуучуга ылайыкталган 30 билим берүү мекемеси курулуп, пайдаланууга берилген. Ал долбоор да Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.
Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө катта документ коомдук талкууну талап кылбай турганы белгиленген. Анткени ал жарандардын же бизнес субъекттеринин укуктарына жана кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир этпейт.
Адистердин баамында, жаңы мектептердин курулушу окуучулардын санын көбөйтүүгө шарт түзүп, билим берүү шарттарын жакшыртууга жана шаар менен облус аймактарындагы мектептердин жетишсиздигин азайтууга өбөлгө болот.

