Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасы боюнча 2025-жылы ОАО «Кыргыз Республикасынын Улуттук электр тармактары» (НЭСК) трансформатордук жабдууларды жаңылоодо масштабдуу иштерди жүргүздү. Натыйжада 279 жаңы трансформатор орнотулуп, дагы 366 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аткарылган иштер энергетикалык тармакты өнүктүрүүгө, 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө жана энергетика тармагындагы реформаларды ишке ашырууга багытталган.
Иштер негизинен 10/0,4 кВ трансформатордук подстанциялар боюнча жүргүзүлдү. Ал эми региондор боюнча аткарылган иштердин көлөмү төмөндөгүдөй:
Бишкек ПЭС — 69 трансформатор;
Баткен ПЭС — 95 трансформатор;
Жалал-Абад ПЭС — 113 трансформатор;
Ысык-Көл ПЭС — 61 трансформатор;
Нарын ПЭС — 77 трансформатор;
Ош ПЭС — 117 трансформатор;
Талас ПЭС — 36 трансформатор;
Чүй ПЭС — 77 трансформатор.
Энергетика министрлиги белгилегендей, трансформаторлордун жаңыланышы электр энергиясын туруктуу берүүдө, аварияларды азайтууда жана айрыкча кышкы жүктөм учурунда электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Министрлик ошондой эле келерки жылдарда энергетикалык инфраструктураны жаңылоо программасынын алкагында модернизация иштерин улантууну пландап жатканын белгиледи.


