Башкы беткеМаанилүүИшкерлер үчүн өзгөртүлгөн жаңы салык мыйзамы иштеп жатат

Ишкерлер үчүн өзгөртүлгөн жаңы салык мыйзамы иштеп жатат

31-декабрда президент Садыр Жапаров “Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди.

Аталган мыйзам ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактарга бир катар салыктык жана камсыздандыруу жеңилдиктерин берүү максатында иштелип чыгып, президенттин 2025-жылдын 5-декабрындагы “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзамда каралган негизги жеңилдиктер:

  • зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдууларды, технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгы алынды;

  • 2029-жылдын 1-январына чейин транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулду;

  • 2026-жылдын 1-январына чейин транспорт каражаттарын кайра экспорттоодон улам пайда болгон жеке жактардын салыктык карыздарын эсептен чыгаруу каралган;

  • ишканалар тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын жана аларга тиешелүү комплект буюмдарды сатуудан салык алынбайт;

  • 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлер үчүн киреше салыгынын минималдуу өлчөмү 1 пайыз болуп белгиленди, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы киргизилди;

  • мүлкүн ижарага берген жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү жеке ишкерлерге теңештирилип, орточо айлык акынынын кыскартылган суммасынын 6 пайызы өлчөмүндө аныкталды;

  • Кыргызстандын аймагынан тышкаркы ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (мурун 1 пайыз болчу);

  • чет өлкөлүк банктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин азайтылды (мурун 0,2 пайыз);

  • баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын мурда импорттолгон же өндүрүлгөн калдыктарын 2 айдын ичинде легалдаштыруу каралып, бул мөөнөттө салык текшерүүлөрүнө мораторий киргизилди;

  • алкоголдук продукцияны чекене сатууга берилүүчү лицензия жоюлду;

  • салыктык талаштарды арбитраждык соттордо кароо алып салынды.

Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр:

  • зергерчилик буюмдары менен атайын эсепке турбастан иш жүргүзгөндөр үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене киргизилди
    (жеке жактар үчүн айып пул — 5 миң сом, юридикалык жактар үчүн — 13 миң сом);

  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өткөндүгү үчүн 311-берене боюнча айып пулдар көбөйтүлдү.
    Жеке жактар үчүн — 20 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн — 65 миң сомго чейин;

  • жыл ичинде кайталап бузуу болгондо айып пулдар дагы жогорулап, товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо каралган.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар