Флоренциядагы Maggio Musicale музыкалык театры орус балеринасы Светлана Захарованын жана анын жубайы композитор Вадим Региндин “Манжалар үчүн па-де-де” балетин коюудан жана баш тартты (https://ru.euronews.com/2026/01/09/italia-russian-ballerina-canceled). Спектаклдер 21-21-январга белгиленип, билеттери сатылган эле. Атактуу театрдын айнып кетишине Украинанын Италиядагы элчилигинин Флоренциянын мэрине жана театрдын жетекчилигине кайрылуусу себеп болуптур.
Театр коомчулукка “эл аралык абал татаал болгондуктан, спектаклдин ийгиликтүү өтүшүнө тоскоолдук жаралышы мүмкүн” деп түшүндүрдү. Украин маалымат каражаттары билдиргендей, элчилик “куралдуу агрессиянын шартында Кремлдин саясатын колдогон орус артисттеринин спектакли Россиянын репутациясын актоо катары эсептелет” деген жүйөнү бетке кармаган экен. Италиядагы орус дипломатиялык миссиясы театрдын чечимин сындап, Ренессанстын бешиги болгон Флоренцияда маданий иш чарага салынган тыюу абийир алып келбейт деп комментарий берди. Бул орус-украин жаңжалы башталгандан бери Европада орус искусствосун жерүүнүн алгачкы учуру эмес. Маселен, былтыр Италия-да Мариинск театрынын көркөм жетекчиси, атактуу дирижер Валерий Гергиевдин Салерно шаарындагы Верди театры менен биргелешкен концерти да коюла турган болуп, элге кабарланып, билеттери сатылып, бүдөмүк себептерден улам болбой калган. Согушту саясатчылар баштайт. А маданиятта не жазык? Негизи маданият саясаттын жүзүн аныктоого тийиш эле. Ал тургай АКШнын журналисти, саясий серепчиси Эндрю Брайтбарттын доктринасы боюнча саясат маданияттын натыйжасы, саясатты өзгөртүү үчүн маданиятты өзгөртүү керек эле. Туура, маданият саясатты аныктайт. Бирок маданият өзү саясаттын курмандыгына айланган учурлар дүйнөлүк тарыхта аз
эмес.
Чыгармалар куугунтукталганда
Адам өзү эле эмес, анын акылы куугунтукталган, билим жектелген, көркөм чыгармалар өрттөлгөн, илимий эмгектер жок кылынган замандар болгон. Байыркы Римде расмий идеологияга коошпогон авторлор жана алардын чыгармалары “Nomina sunt odiosа” (жек көрүндү ысымдар), христиан чиркөөсүнүн документтеринде «Index Librorum prohibitorum» (тыюу салынган китептердин индекси) деп аталып, жок кылынууга тийиш эле. XX кылымда тоталитардык режимдер китептерди, чыгармаларды, эркин ойду репрессиянын курмандыгына айланткан. Коммунисттик партиянын идеологиялык максаттарына ылайык массалык манипуляциянын жана пропаганданын куралы катары советтик цензура масштабдуу мүнөзгө ээ болгон. Жок кылынган китептердин тизмеги 600дөн ашкан, ал эми жок кылынгандан кийин да “спецхран” аталган жабык жайларда миллиондогон экземпляр китептер, журналдар көздөн далдоо бекем катылган. Цензуралык индекс 400гө чукул баракка араң сыйып, 10 миң чыгарма тизмеге кирген. Октябрь революциясынан кийин басма сөз Ревтрибуналы, Аскер-революциячыл цензура, Мамбасманын саясий бөлүмү ж.б. аталган цензуралык органдар 1922-жылга чейин ар кимиси өз алдынча иштеп келген. Кийин алар бириктирилип, Главлит аталып, Эл комиссарлар советине караштуу борбордук органга айланат. 1988-жылы гана иши солгундап, 1991-жылы СССР менен кошо жоюлган. Главлит бардык республикаларда кубаттуу мекеме болгон жана интеллектуалдык ишмердүүлүккө катуу көзөмөл жүргүзгөн. РСФСРдин Главлитинин жетекчиси Н.Г. Садчиков бардык союздук жана автономиялык республикалардын цензуралык мекемелерине 1938-жылы жиберген циркулярында басмадан чыгарууга тыюу салынган, кокус чыгып кетип, бирок кийин жок кылынган же китепканалардан алынган чыгармалардын бирден нускасын алардын авторлору тууралуу толук мүнөздөмөлөрдү, аннотациясы, чечимдин көчүрмөсү, бибилиография-лык маалыматтар менен кошо борборго жөнөтүп турууну милдеттендирет. Демек жылчыксыз жабуу, чектөө иши өтө кылдат жүргөн. Чыгармаларды куугунтуктоонун эки түрү бар: “персонификациялык” жана “мазмундук”. Рим укук системасында да колдонулбаган argumentum ad hominem (адамдан улам аргумент) принциби колдонулган. Мисалы, чыгарманын автору репрессияга тушукса, анын бардык эмгектери автоматтык түрдө репрессияланган (алынган, тыюу салынган, жок кылынган). Ал тургай репрессияланган адамдын ысымы аталган чыгарма да сүрмө топко кошо кабылган.
Акылга сыйгыс куугунтук
Джордж Оруэллдин “Скотный двор” деген атактуу романы бар. Октябрь революциясына пародия. Китепте большевиктик диктатура катуу сындалат. КГБ Джордж Оруэллди “Советтер Союзу тууралуу эң коркунучтуу китептин автору” деп мүнөздөгөн. Китепке тыюу салынган. 1988-жылы гана “Родник” журналы аркылуу окурмандардын колуна тийген. Диктатура жана тоталитаризм тууралуу Джордж Оруэллдин “1984” деген да бир китебинде “Чындык министрлигинин” чиновниктери ою, пикири кооптуу авторлорду “нелицо” атап, алардын “чыгармалары өрттөлүп, “күлү сапырылып кетиши керек” деген инструкцияга баш ийишкен. Ошол “санда жоктордун” курамына авторлору кесилген, атылган, өлкөдөн чыгарылган, эмиграцияга кеткен, жазаланган, сындалган, партиялык талкууда шектүү, ишенимсиз, ниети бузук, айтор “персона нон грата” аталган чыгармалар кирген.
Партиялык талкууда сынга тушуккан чыгармаларды, алардын авторлорун оор тагдыр күткөн. Компартиянын борбордук комитетинин 1946-жылы августа “Звезда” жана “Ленинград” журналдарын сындаган токтому чыккан соң Анна Ахматова менен Михаил Зощенко куугунтукка кабылып, чыгармаларына тыюу салынган. Эки журналды талкалаган талкууда партиялык атка минер А.Жданов доклад жасагандыктан, чыгармаларга карата тарыхый илимде “ждановщина” аталган куугунтуктун масштабын 1934-жылы советтик жазуучулардын Бүткүл союздук биринчи съездине катышкан 600 делегаттын 1950-жылга карата 3/1 репрессияга кабылышы тастыктап турат. Не бир шедевр чыгармаларга тыюу салынган. Михаил Булгаковдун “Собачье сердце”, “Мастер и Маргарита”, Эрнест Хэмингуэйдин “По ком звонит колокол”, А.И. Герцендин “Былое и думы”, Борис Пастернактын “Доктор Живаго”, Иван Буниндин “Окаянные дни” сыяктуу керемет чыгармалары куугунтукка кабылат.
СССР Бириккен Улуттар Уюмун не-гиздөөчү мамлекеттердин бири, анын
Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири болгон. Бирок 1948-жылы БУУ кабыл алган Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк декларациясы 1989-жылга чейин тыюу салынган адабияттардын тизмесинде болчу. Парадокспу? Парадокс. Акылга сыябы? Сыйбайт, албетте. Бирок саясат.
“Мазмуну зыяндуу” деп эсептелген чыгармаларды куугунтуктоо да акылга сыйгыс
окуялар менен коштолгон. Мисалы, 1939-жылы 23-августа Молотов-Риббентроп пактысына кол коюлат. Ошондон тартып 1941-жылдын күзүнө чейин Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы орус-герман согушун баяндаган тарыхый чыгармаларга тыюу салынат, ал тургай айрым эпизоддор окуу китептеринен алынып, Германиянын тарыхындагы терс окуяларды камтыган китептер жок кылынат.
Акылга репрессия, чыгармага куугунтук жагынан СССР менен фашисттик Германиянын саясатында окшош учурлар арбын. Гитлердин пропаганда министрлиги да советтик репрессиядан ашса ашкан, асты кем калган эмес. 1933-жылы 10-майда немис философторунун, жазуучуларынын, психологдорунун, окумуштууларынын 25 миң китеби бир түндө өрттөлгөн.
Кытайда 1956-жылы Мао Цзэдун бийликке келген соң башталган “маданий революция” аталган репрессия дээрлик он жылдан ашык уланып, миллиондогон киши курмандыктарынан тышкары “козголоңчулар” деп аталган бандиттер менен хунвэйбиндер кытай элинин байыркы мурастарын кыйратып, жүздөгөн храмдарды, монастрларды талкалап, байыркы кол жазмаларды, баалуу тарыхый эстеликтерди, миңдеген китептерди, картиналарды өрттөп, жок кылышкан.
Кыргыз көркөм дөөлөттөрүнө чабуул
Советтик доордогу акыл-ойго, чыгармаларга куугунтук Кыргызстанда да туташ жүргөн. Советтик версиясы болгон репрессияга кыргыз элинин көркөм дөөлөттөрү — оозеки чыгармачылыгы кабылды. Ири алдыда “Манас” эпосу, фольклор, ойчул акындардын санат-насаат, терме ырлары куугунтукталды. “Манас” эпосу, заманачыл ойчул акындардын чыгармалары ревизияланып, элдик фольклордун үлгүлөрүн “жат элементтерден”, буржуазиялык мотивдерден”, “улутчул образдардан” арылтуу аракети илимге, улуттук аң-сезимге, тарыхый эс-тутумга, элдик руханий маданиятка эбегейсиз сокку урат. Ал тургай санжыра тарых жана тарыхый инсандарга байланышкан баяндар куугунтуктоого негиз болду. Мисал керекпи. Касым Тыныстановдун 1924-жылы жарыяланган “Жаңыл мырза” тарыхый-лирикалык поэмасы жана “Академиялык кечелери” куугунтукка кабылган чыгармалардын анабашы. Жалгыз эмес, анткени 1933-жылы “Правда” гезитине чоң макала чыгып, кескин сындалган. Тыныстановдун 1927, 1929-жылдары басылып чыккан “Эне тил” окуу китебинде макал-лакаптар, элдик поэзиядан саптар мисал келтирилгени үчүн “буржуазиялык-улутчул” мазмунду камтыган деп катуу сынга алынып, автор партиядан чыгарылган. “Социалисттик келечекти чанып, өткөн доорду эңсеген, федолизмди жана бай-манаптардын образын даңазалаган зыяндуу идеялар камтылган” деп башталат куугунтук. Анан күчөйт, улам бир аныктама менен килейген кылмыш ишине айланып, атууга өкүм чыгат. Автору эл душманы болсо, анын чыгармалары аман калмакчыбы, кошо репрессияланат.
“Заманачыл” аталган ойчул акындардын поэзиясы куугунтукка түгөл туш болгон. Акындар поэзиясы өзү тургай, аларды кеп кылган чыгармалар улутчул, эскичил аталып, ада-бият журтунан алыс кубаланган. Маселен окумуштуу Тазабек Саманчиндин Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары жазган илимий эмгектери ”улутчул”, “космополит” деп айыпталып, автору куугунтукка алынган. Алгачкы филолог-илимпоздор Ташым Байжиев жана Зияш Бектенов 8-класс үчүн окуу китебинде элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн классификациялап, иргеп, кыскача түшүндүрмөлөр менен жабдып киргизген экен. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын поэмалары, санат-насаат ырлары камтылыптыр. 1947-жылы окуу китеби чыгат. Адегенде мактоого арзыйт. Анан кыраакы партия кесепеттүү улутчулдуктун белгилерин табат. Алгач кызматтан алынып, анан түрмөгө кесилишет, лагерге айдалышат. Ташым Байжиев 1948-жылы 9-декабрда саясий жактан ката, зыяндуу “Кыргыз советтик фольклору” жыйнагын чыгарганга жол бергендиги үчүн Илимдер академиясынын фольклор жана “Манас” секторунун башчылыгынан, кийинки эле жылы апрелде кыргыз адабияты боюнча окуу китептериндеги жана эмгектериндеги саясий каталары үчүн кенже илимий кызматкерликтен бошотулат. 10-класс үчүн окуу китебин жазган Тазабек Саманчин да китеби менен кошо куугуктукка кабылат. Ошентип Ташым Байжиев, Зияш Бектенов жана Тазабек Саманчин сыяктуу адабияттын, илимдин өкүлдөрү чыгармалары үчүн ошол 1949-1953-жылдардагы репрессиянын курмандыктары. 1949-жылы февралда Кыргызстан КП(б) V съездинде Кыргыз ССРинин Жазуучулар Союзу идеологиялык кемчиликтери үчүн сынга алынат. Цензура, курулай айыптоолор, куугунтук күч алат.
Аалы Токомбаевдин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн баяндаган ыр менен жазылган туңгуч романы “Кандуу жылдар” деген ат менен 1935-жылы жарыяланып, дароо эле “улутчул мазмуну” үчүн айыпталып, автор кыйла запкы жеген. Роман кийин интернационалдык сюжеттер менен толукталып, орус-кыргыз достугун даңазалаган эпизоддор, каармандар менен жамаачыланган соң “Таң алдында” деген ат менен кайра басылган.
1952-жылы К. Маликовдун “Балбай” романы буржуазиялык улутчулдукка, бай-манаптардын образын даңазалагандыгы үчүн айыпталат. 30-жылдардагы массалык репрессияга негиз болгон “кылмыштардын” категориялары толукталып, буржуазиялык улутчулдук, эскичилдик, кастык ниетиндегилер, идеологиялык саботаж, зыянкечтер сыяктуу жаңы статьялар колдонула баштайт.
Акыл-ойго, адабиятка, көркөм өнөр менен илимге, эркин ойго карата куугунтуктун эпкини 90-жылдарга чейин кирип келген. Маселен, ойчул акындардын бир тобунун чыгармалары Илимдер академиясы тарабынан 1988-жылы чыгарылган “Кыргыз оозеки адабиятынын очерктерине” Калыгул, Арстанбек Буйлаш уулу, Алдаш молдо, сыяктуу орошон акындар кирген эмес. Китептери чыккан жазма акындар Молдо Кылыч, Молдо Нияз аталган “очерктердеги” жазгыч акындар тизмегине да кирген эмес. Өзү репрессияланып, чыгармаларына тыюу салынган Казыбек 2022-жылы гана расмий акталды.
СССР менен Батыш кармашып турган эски заманда олимпиадалык оюндар да саясаттын курмандыгы болгон. Маселен, 1980-жылдагы Москвадагы Олимпиадага Батыш АКШ менен Европа бойкот жарыяласа, СССР 1984-жылдагы Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндарына бойкот жарыялаган. Заман мурда болгону менен окуялар азыр да кайталанууда. Допинг шылтоосу менен Россиянын спортсмендери Олим-
пиадалардан жана дүйнө чемпионаттарынан четтетилди, орус-украин жаңжалы башталгандан бери орус спортчулары эл аралык ареналардан сүрүлдү.
Акыл-билимди жектөө, чыгармага куугунтук эмки заманда токтогону жок. Динге жамынган экстремисттик топтор жана террористтик уюмдар диктатордук режимдер жасаган ишти жырткычтык менен улантууда. Маселен, талибдер биринчи жолу Ооганстанда бийликти басып алганда 2001-жылы Бамин өрөөнүндөгү байыркы эстелик Будданын скульптурасын жардырып жиберген, Ирак менен Сирияда “Ирак жана Леванта ислам мамлекети (ИГИЛ)” аталган террористтер байыркы цивилизациялардан калган архитектуралык шедеврлерди, жадагалса эски мечиттердин айрымдарын (мисалы Ибн аль-Валид мечитин) “ширк” атап, тапктакыр кыйратты, эски кол жазмаларды өрттөп, тарыхый эстеликтерди, баалуу мурастарды жексен кылды. Маселе көз карашта деле эмес окшойт, куурагыр террористтер Ооганстандан Сомалиге чейинки аймактарда өздөрү кыйраткан тарыхый эстеликтерди сатып, пулга айлантты.
Эмки заманда маданият, акыл-ой, көркөм өнөр же өнөр адамдары саясаттын же
коомдук пикирдин курмандыгына айланган учурлар арбын. Ал тургай “жокко чыгаруу маданияты” (Cancel Culture) деген кооптуу түшүнүк пайда болду. Маданияттын башкы функциясы жаратуу болууга тийиш эле. Эми минтип 21-кылымда адамды адам кылган маданиятка жокко чыгаруу илдетин жуктурду. “Маданий куугунтук” деп тике эле атаса жарашмак, бирок соңку доордогу саясатчылар ойлоп тапкан “политкорректүүлүк” эрежесине ылайык, ушинтип жымсалдап аталат. Муну ишке ашырган мамлекеттик атайы институт деле жок болсо да, туруктуу ишке ашып келген көрүнүш. Социалдык тармактар коомдук турмушту аныктап калган доордо “жокко чыгаруу, баш тартуу” соцтармактар аркылуу ишке ашат. Миллиондогон өспүрүмдөр кызыгып окуган, киносун көргөн “Гарри Потер” чыгармасынын автору Жоан Роулинг трансфобиялык көз караштары үчүн куугунтукка кабылды. Туура, Жоан Роулингди полиция алып барып камап салганы жок, бирок ач айкырык, куу сүрөөн шыкакчыларга жетеленме коомдук пикирдин айынан чыгармалары жек көрүүнүн объектисине, автордун өзү жексурга айланды.
Мындай мисалдар арбын. Америкалык атактуу ырчы, поэтесса, обончу, музыкалык “Грэмми” сыйлыгынын 11 жолку лауреаты Лана Дель Рей “антифеминисттик” мотивдери деген шылтоо менен жектөөгө тушукту. “Жектөөнүн” инструменти соцтармак менен чектелбейт. Гарвард университетинин салыштырма саясат таануу боюнча окумуштуу-ларынын изилдөөсүнө ылайык, “жокко чыгаруунун” айынан бирдей калыптанган коомдук пикир – баалуулуктар тутумуна сокку урат, адамды эркин кабылдоодон жана тандоодон ажыратат. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, адамдар макул эмес нерселердин баарын танууга даяр. Чыгарманын өзүн окубай же көрбөй, укпай туруп өзүнөн өзү кабылдагысы келбей калат экен. Pew Research аналитикалык борборунун изилдөөсү көрсөткөндөй, АКШнын демократтар партиясынын сурамжылоого катышкан мүчөлөрүнүн 75%, ал эми республикачылардын 39% “жокко чыгаруу” жоопкерчиликти жогорулатат, ал эми пар-тияга тиешеси жок жарандардын 56% “жокко чыгаруу” татыктууларды жазалоо үчүн кажет деп эсептейт.
“Жокко чыгаруу” биринчиден, манипулятивдик ыкма, экинчиден санкциялык инструмент, үчүнчүдөн, коомдук-саясий күн тартибин аныктоонун механизми, төртүнчүдөн, атаандаштарды четтетүүнүн каражаты катары кеңири колдонула
баштады.
Маданиятка чектөө кайсы бир учурларда керек. Мисалы, экстремисттик, айталы диний, улуттар аралык кастыкты козгогон же согушту даңазалаган, терроризмди актаган чыгармаларга тыюу салуу зарыл. Социалдык тармактардагы жана медиа мейкиндиктеги контентти көзөмөлдөп, экстремисттик маанайдагы, кесепеттүү нарративдерди жана мотивдерди чектөө улуттук коопсуздуктун маселеси, өтө зарыл нерсе. Мыйзамдуу жол менен ишке ашууга тийиш.
Ошол эле учурда, тарых тастыктагандай, маданиятка карата куугунтук же эмки тил менен айтканда “жокко чыгарууну” саясаттын негизги каражатына айлантуунун кесепети арбын. Ооба, тигил же бул авторго, чыгармага, өлкөгө каршы маданий мейкиндикте “жокко чыгаруу” утурумдук натыйжа берип, жерүүнүн демилгечилери жана авторлору утушу мүмкүн. Бирок маданиятка карата ар кандай саясий же коммерциялык негиздеги куугунтук цивилизациянын өнүгүүсүн шарттаган нерселерге – маданий көп түрдүүлүк менен маданий диалогду чектөө экендигин эстен чыгарбоо абзел.
Алмаз ОКИН,
“Кыргыз Туусу”


