Армениянын Тышкы иштер министрлиги Россиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Кечээ Армениянын Тышкы иштер министрлиги Россиянын элчиси Сергей Копыркинди чакырып, «мамлекеттик каналдын программасындагы билдирүүгө» байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинетаянуу менен жазды, Бирок андай маалымат Армениянын дипломатиялык мекемесинин расмий сайтына бүгүнкүгө карата жарыялана элек.

Армян тарап программада айтылгандаркыжырдануу жаратарын билдирген. Нотадамындай билдирүүлөр Армениянын эгемендигинеыксыз кол салуу катары эсептелери, Армения менен Россиянын ортосундагы достукмамилелерди буза турганы белгиленген.

Россиядагы белгилүү журналист Владимир Соловьёвдун автордук телепрограммасынын соңкучыгарылышында согуш Украинадан тышкарыаймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Армения менен Борбор Азияны атаган. Орус журналисти Венесуэла жана Ирандагы соңку окуялар тууралуу өз пикирин билдирип, Орусиянын “таасир аймагын аныктоо” тууралуу айткан. “Биз өз максат-милдеттерибизди так аныктап алышыбыз керек. Биз так түшүндүрүшүбүз абзел. Оюн бүттү. Эл аралыкукукту, эл аралык тартипти карабайбыз. Эгердеулуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанынаймагында атайын аскердик операцияны баштоозарыл болсо, ошол эле жүйөлөргө таянып, эмнеүчүн биз таасир аймагыбыздагы башка очоктордода атайын аскердик операциябызды баштайалбайбыз? Балким, улуттук доктринабыздыаныктап, таасир аймагыбыз кайсы экенин ачыкайтышыбыз керек. Ошондо баары түшүнүктүүболот”, — деген эле таанымал журналист. Соловьёв Орусия АКШнын Венесуэладагы аракетинен үлгүалышы керектигин айтып, Вашингтон президент Николас Мадурону кармап кетүү менен «эл аралыкукукту таназарга албады» деп билдирген(https://www.azattyk.org/a/33646016.html).

Соловьевдун чагымчыл сөздөрүнө эң алгач Өзбекстандык окумуштуу жооп кайтарган. Ташкендеги Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору, саясий илимдеринин доктору, профессор Шерзодхан Кудратхожа Телеграм каналы аркылуу «Владимир Соловьёв түз эфирде буга чейин жашырууга аракет кылынган ойлорду: эл аралык укукту четке кагууга, суверенитетти шарттуу нерсе катары кароого болот, ал эми башка мамлекеттерди «таасир аймагы» деп жарыялоого мүмкүн дегенди ачык айтты. «Биздин Азия» деген формула — кокустук эмес, мамлекеттерди өз алдынча субъект эмес, объект катары көргөн, чек араларды тоскоолдук деп эсептеген таза колониялык тил», — деп сындаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз