whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.02.2026
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГренландияны аннексиялоо тууралуу мыйзам долбоору карала башталды

Гренландияны аннексиялоо тууралуу мыйзам долбоору карала башталды

АКШнын Конгрессинин кароосуна “Гренландияны аннексиялоо жана ага штаттын статусун ыйгаруу” жөнүндөгү мыйзамдын долбоору кечээ киргизилди. Бул маалымат Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын сайтында жарыяланды (https://fine.house.gov/news/documentsingle.aspx?DocumentID=118)

Долбоорду демилгелеген конгрессмен Рэнди Файн “Ким Арктиканы көзөмөлдөсө, ал АКШ үчүн стратегиялык мааниге ээ арктикалык маршруттарды жана коопсуздук архитектьурасын көзөмөлдөйт. Андыктан АКШ аймакты Американын баалуулуктарын сыйлабаган жана коопсуздукту камсыздоого жараксыз субъекттердин колунда калтыра албайт” деген билдирүүсүн жазды.

Документтин негиздемесинде мыйзам АКШ Гренландияны биротоло ээлеш үчүн зарыл кадамдардын баарына барууга жол ачат деп жазылган. Долбоордо Гренландияга Амерниканын бир штаты катары статус берүүнүн жагдайлары да көрсөтүлгөн.

Гренландия учурда Даниянын курамындагы автоном аймак. Дания Королдугу менен АКШнын 1951-жылы НАТО боюнча союздаштык милдеттенмелер тууралуу документке кошумча Гренландияны коргоо жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал келишимге ылайфык, АКШ Гренландияны тышкы агрессиядан коргоо милдеттенме алган эле.

Гренландия маселеси Вашингтон тараптан улам көтөрүлүп келген. Дональд Трамптын президенттик биринчи мөөнөтүндө да кайра козголуп барып токтогонсуган. Эми Гренландияга доомат кайра жаңы күчкө ээ болду. Вашингтон сатып же тартып алам, айтор Гренландияга кандай да болсо ээлик кылам, эгер Дания макул болбосо, катаал соода режимин киргизүүдөн тартып башка чечкиндүү кадамдарга барабыз деген билдирүүлөр Вашингтон тараптан соңку кезде улам айтыла баштаган болчу.

Гезит

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар