АКШнын Миннесота штатынын бийлиги, ошондой эле Миннеаполис жана Сент-Пол шаарлары президент Дональд Трамптын администрациясына каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Алар федералдык бийлик иммиграциялык көзөмөл чараларын ашкере күчөттү деп эсептешет.
Маалыматка ылайык, доо арыз өткөн аптада Миннеаполисте Иммиграция жана бажы көзөмөлү кызматынын (ICE) кызматкери аял кишини атып салган окуядан кийин берилген.
Доогерлердин билдирүүсүндө, АКШнын Ички коопсуздук министрлигине караштуу федералдык иммиграция кызматкерлеринин буга чейин болуп көрбөгөндөй масштабда жайгаштырылышы аталган шаарларда жашаган, иштеген же барып-келип жүргөн адамдардын арасында коркунуч жаратканын белгилешет.
Сотко берилген арызда федералдык агенттерди Миннесотага массалык түрдө жөнөтүү АКШ Конституциясына жана мыйзамдарга каршы келет деп көрсөтүлгөн. Штаттын жана шаарлардын бийлиги соттон Миннесотада же башка ушуга окшош аракеттерди жүргүзүүгө убактылуу жана туруктуу тыюу салууну талап кылышууда.
Доо арызда жоопкер тарап катары АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм, ICEнин милдетин аткаруучу директору Тодд Лайонс, ошондой эле башка бир катар федералдык кызмат адамдары көрсөтүлгөн.
Ошол эле күнү АКШнын Иллинойс штатынын бийлиги жана Чикаго шаары да Ички коопсуздук министрлигине каршы сотко кайрылып, мекемени коомдук тартипти сактоодо кооптуу ыкмаларды колдонду жана мыйзамсыз күч пайдаланууда деп айыптады.


