Иранда антиөкмөттүк нааразычылык акцияларына жооп катары Ислам республикасын колдогон митингдер өттү. Өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бул иш-чараларды АКШга карата «эскертүү» деп атады.
Дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Франция, Германия, Италия жана Улуу Британиянын элчилерин чакырып, Европа мамлекеттеринин нааразылык акцияларын колдогонуна байланыштуу нааразычылык билдирди.
Министрликтин мамлекеттик телеканал келтирген билдирүүсүндө айтылгандай, дипломаттарга баш аламандыктар тартылган видеолор көрсөтүлүп, иран бийлигинин маалыматы боюнча «баш көтөргөндөр» келтирген зыян тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле европалык өкмөттөрдү нааразылыкка чыккандарды колдогон расмий билдирүүлөрүн кайтарып алууга чакырышкан.
Буга чейин Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолору Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) укук коргоо уюмунун билдирүүсүнөн кийин күчөгөн. Уюмдун маалыматына караганда, ирандык коопсуздук күчтөрү тарабынан нааразылык акцияларын басуу учурунда кеминде 648 демонстрант каза тапкан.
Уюм курман болгондордун чыныгы саны мындан да жогору болушу мүмкүн экенин эскертти. IHR уюмунун директору Махмуд Амири-Могаддам «эл аралык коомчулук Ислам республикасы тарабынан жарандык нааразылыкка чыккандарга каршы массалык өлтүрүүлөрдөн коргоого милдеттүү» экенин билдирди.
Ошондой эле уюм айрым маалыматтар боюнча курмандыктардын саны 6 миңден ашышы мүмкүн экенин, бирок Иран бийлиги киргизген дээрлик төрт күндүк интернет өчүрүүсүнөн улам бул маалыматтарды өз алдынча текшерүү кыйын болуп жатканын белгиледи.


