Кыргызстан гепатитке каршы 250 миң доза вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган вакцина үч дозадан турат жана жарандарга үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз берилет. Ошондой эле гепатитке каршы тестирлөө да бекер жүргүзүлүшү мүмкүн.
Министрдин орун басары Саламаттыкты сактоо министрлиги көрүп жаткан чаралар ооруну эрте аныктоого жана алдын алууга багытталганын белгиледи.


