Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңештин Төрагасы Тажикстан Президенти менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Тажикстан Президенти менен жолугушту

          Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки мамлекеттин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Эмомали Рахмонго Президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, чек ара маселесинин эки өлкө жетекчилеринин саясий эрки менен ийгиликтүү чечилгенин белгиледи. Ал ошондой эле соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максаты, экономикалык өнөктөштүктү өркүндөтүү жана Тажикстан үчүн Кыргызстан аркылуу ири рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да токтолду.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон Кыргызстандын калыптанган тарыхый алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын, бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Президент соода-экономикалык байланышты бекемдөө жана парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү учурдагы маанилүү маселе экенин кошумчалады.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык алакаларды күчөтүү, экологиялык демилгелерди биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар