Башкы беткеЖогорку КеңешТашиев: «Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу аймак болуп чечилди»

Ташиев: «Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу аймак болуп чечилди»

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участогу нейтралдуу макамга ээ болду.

“Ортодогу полотно жолу — 10 метр, эки тараптан 15 метрден коопсуздук тилкелери болуп, жалпысынан 40 метрлик жол нейтралдуу статуска ээ болду. Ал жер тажиктердики да, кыргыздардыкы дагы эмес. Эми бул менин жолум деп эч ким тосуп ала албайт. Ушуну менен Төрт-Көчө маселеси чечилди”, — деди Камчыбек Ташиев.

Ал Төрт-Көчө боюнча “сөз көп экенин, ушуга чейинки биздин аткаминерлердин, мамлекеттик жетекчилердин жасап келген иштери чыккынчылык болгонун, кийинчерээк муну түшүндүрүп айтып берерин” кошумчалады.

Төрт-Көчө — стратегиялык маанилүү участок. Ал жерде Ош — Раззаков трассасы менен Ворух анклавынын тургундары Тажикстанга каттаган жол кесилишет. Бул жерде чек ара такталбай келген. Жаңжал чыккан маалда тажик тарап Ош — Раззаков жолун жаап келчү. Ошондуктан Баткен менен Лейлек райондорунун бир бөлүгү Кыргызстандан бөлүнүп калчу.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар