whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМыйзамсыз балык уулоого бөгөт: Ысык-Көлдө торлор жок кылынды

Мыйзамсыз балык уулоого бөгөт: Ысык-Көлдө торлор жок кылынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 4-майда Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлгөнүн билдирди.

Министрликке караштуу мекемелердин кызматкерлери Григорьевка айылынан Ананьево аймагына чейинки аралыктан мыйзамсыз орнотулган балык уулоочу торлорду аныктап, аларды тазалашкан. Жалпысынан 1500 чарчы метрди түзгөн 15 даана тор жок кылынды. Маалыматка ылайык, бул аракет көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана балык чарбасын коргоого багытталган.

Министрлик мындай рейддер мындан ары да улантыларын билдирди.

Буга чейин да Ысык-Көлдүн экологиялык абалы иликтене турганы айтылып, мыйзамсыз балык уулоо маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2023-жылдын октябрында мыйзамсыз балык уулоо улантылып жатканын кабарлаган.

Ал эми 2023-жылдын июнунда президент Садыр Жапаров браконьерлердин аракетин кескин сынга алып, көлдү тазалоого тапшырма берген. Ошондон бери миңдеген метр тор жана ондогон миң тонна таштандылар тазаланганы кабарланган.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы — Кыргызстандагы мыйзам менен корголгон улуттук маанидеги аймак. Ал 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында дүйнөлүк биосфералык резерваттардын тизмесине киргизилген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар