Башкы беткеСаясат жана коомКоомМугалимдерди негизсиз жумуштарга тарткандар жоопко тартылышы мүмкүн

Мугалимдерди негизсиз жумуштарга тарткандар жоопко тартылышы мүмкүн

Мугалимдерди өзүнүн кызматтык милдеттерине кирбеген иштерге тарткан жетекчилерге жоопкерчилик киргизүү каралууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусуна жооп берип жатып билдирди. 

Буга чейин депутат мугалимдер менен тарбиячылар аймактарды тазалоо, дем алыш күндөрү иш-чараларга катышуу сыяктуу иштерге мажбурланып жатканын айткан.

Маалыматка ылайык, Билим берүү министрлиги аталган маселени чечүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгып, анда мугалимдерди мыйзамда каралбаган жумуштарга тарткан жетекчилерге жаза берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору жакынкы күндөрү мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар