Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Жолугушууда тараптар өз ара соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү негизги максат экенин белгилешти. Бул милдет эки өлкөнүн лидерлери тарабынан коюлган приоритет катары каралууда. Сүйлөшүү Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагында өттү. Анда учурдагы жылга карата өкмөттөр аралык иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап түрк инвестицияларын колдоого жана саламаттык сактоо, билим берүү жана өнөр жай тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Жевдет Йылмаз эки өлкө ортосундагы мамилелер бардык багыттар боюнча динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды чыңдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында кызматташууну улантууга макулдашты.

