2026-жылдын 1-апрелинен тарта Түркмөнстанда өлкөдөн чыгып жаткан автоунаалардын күйүүчү май багындагы дизелдин көлөмүнө чектөө киргизилди. Эми ал 300 литрден ашпоого тийиш. Белгиленген нормадан ашкан ар бир литр үчүн кошумча төлөм алынат.
Тиешелүү чечим Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кол койду. Ага ылайык, айдоочулар нормадан ашкан ар бир литр үчүн 20 манат (болжол менен 1 АКШ доллары) төлөшөт.
Бул чектөө негизинен жүк ташуучу унааларга тиешелүү. Жаңы эрежелердин аткарылышын чек ара, бажы кызматтары жана “Түркмөннефть” мамлекеттик концерни көзөмөлдөйт. Күйүүчү майдын көлөмү өткөрүү пункттарында атайын адистер тарабынан өлчөнүп, электрондук система аркылуу катталат.
Мындан тышкары, дүйнөлүк рыноктогу абал да таасирин тийгизүүдө. Акыркы убакта күйүүчү майдын баасы бир катар өлкөлөрдө кескин жогорулап, ички жана тышкы баалардын айырмасы дагы да күчөгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан жана Россия да күйүүчү майды экспорттоого байланыштуу чектөөлөрдү киргизген.


