Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун бири басылманын мазмуну жана максаттары тууралуу айтып берди.
Китепте «Эстафеталык гуманология: биогуманологиядан техногуманологияга чейин» жана «Адамдын трансформациясы: биотүрдөн технотүргө» аттуу эки маанилүү философиялык концепция камтылган. “Кыргыз Туусу” гезити изилдөөчүлөрдүн бири — травматолог-ортопед, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, Улуттук илимдер академиясынын академиги Марат Сагымбаевге бир нече суроолор менен кайрылды.
– Марат Акимович, алган сыйлыгыңыздар кут болсун. Сизге бул китеп кантип жаралды? – деген суроо менен маекти баштагым келип турат…
– Бул китепти улуу кесиптешим жана устатым, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Исабек Ашимович Ашимов менен биргелешип жаздык. Көп жылдар бою ал экөөбүз бир топ илимдин – философия, социология, психология, медицина кесилиштеринде көптөгөн философиялык проблемаларды изилдеп келебиз. Биз өзүбүз түзгөн Виртуалдык Адам институтунда иштеп жүрүп маалыматтарды чогултуп, системалаштырганбыз.
Бул бейөкмөт жана коммерциялык эмес Улуттук илимдер академиясына караштуу уюм адам феноменин изилдөөлөргө жана жасалма интеллект (ЖИ) доорунда адамзат туш болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана коркунучтарды изилдөөгө багытталган. Жалпысынан 30дан ашык философиялык монографиялар жазылды, 20дан ашык философиялык концепциялар түзүлүп ишке ашырылды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарды жайылтууда да бул илимий электрондук платформа бизге жакшы жетишкендиктерди алып келди.
– Марат Акимович, сиздердин жаңы монографияңыздарда XXI кылымдын глобалдык чакырыктары тууралуу айтып жатасыз. Анда эмнени белгилеп айтар элеңиз?
– Бүгүнкү күндө адамдар биологиялык түр катары өзгөчө кырдаалга туш болушат. Биз илимий-техникалык прогрессти гана эмес, адамзаттын өзүнүн түп тамырынан бери өзгөрүшүн баштан кечирип жатабыз. Бул медицинанын технократиясы, аң-сезимди санариптештирүү, иденттүүлүк жана моралдык компас кризиси. Образдуу айтканда, биз азыртадан эле футурологдор жазган ошол «келечектеги шоктун» абалында турабыз. Өзгөрүүнүн ылдамдыгы ушунчалык болгондуктан, адамдардын аны түшүнүүгө убактысы жок. Биз айдоочусу жок поездде бараткандайбыз: алдыда жолдун белгисиз оош-кыйыштары турат, ал эми коом кайда баратканыбызды билбей артка карайт. Технологиялык тез өнүгүү доорунда жана жасалма интеллект кеңири жайылган доордо: прогресс менен адамзатты жоготуунун ортосундагы чек кайда? – деген маселе туулат.
– Монографияларыңызда «Эстафеталык гуманология» деген терминди колдоносуз. Ал эмнени билдирет, түшүндүрүп кетсеңиз?
– Бул фундаменталдуу суроо. Бул жерде жалпы технологиялаштыруу шартында адамзатты кантип сактап калуу, жаңы илимий-философиялык парадигмага – биогуманологиядан техногуманологияга өтүү, башкача айтканда, адамдарды биологиялык түр катары түшүнүүдөн баштап, аларды технология менен тыгыз байланышта болгон жандыктар катары түшүнүүгө чейинки суроолор камтылат. Эстафеталык гуманология бул бир эле философияны, медицинаны, илимди, искусствону бириктирген түшүнүк жана технологиялык футурология эмес, бул адамзаттын келечегине арналган терең континуум-концепция. Анын максаты прогрессти басаңдатуу эмес, алдын алуу этикалык, когнитивдик жана гуманисттик механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.
– Сиздин эмгегиңизде “техновид” деген жаңы сөз да киргизилген. Бул ЖИ жана интернет менен өз ара аракеттенген адамдар бара-бара сөздүн салттуу маанисинде адам болууну токтотуп, башка нерсеге айланат дегенди билдирбейби?
– Бүгүн адамзат туш болуп жаткан негизги коркунуч ушул деп айтаар элем. Адамзат ушул жолду тандап жана ушул жолдо азыркы мезгилде баратат. Эгерде биз терең ой жүгүртө албай баарын жасалма интеллектке өткөрүп берсек, биз күтүлбөгөн жерден адамдык негизги сапаттарды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Чындыгында, жасалма интеллект чындап эле абдан эффективдүү курал. Бирок, ага абийир, эмпатия жана өзүн-өзү чагылдыруу жетишпейт, бул анын иш-аракеттерин этика жана моралдык масштабда баалоону камтыйт. Ал башка адамдын кайгысын сезбейт, урмат көрсөтпөйт жана адам кандай кесепеттерге алып келет ойлонбойт. Мындай аппарат колдонууда өтө этият болбосок, алмаштыруу болуп кетиши мүмкүн: сыртынан адам сыңары калат, ал эми ички маңызы жок
болот.
– Эки монография тең компьютер-лештирүүнүн, санариптештирүүнүн, виртуалдаштыруунун андан аркы өнүгүүсүнүн сценарийлеринин бири катары «адамзаттын акырына» ишарат кылат. Бул божомол өтө эле радикалдуу эмеспи?
– Бул биздин коомго, адамзатка эскертүү да, божомол маалымат деп да түшүнсө болот. Ал эми биз дарыгерлер катары буга абстрактуу жана кайдыгерлик мамиле кылууга укугубуз жок. Хирург, травматолог болуп иштеп, күн сайын өмүр менен өлүмгө туш болгондо, адам жана адамгерчилик бар экенин түшүнөсүң. Адамдын өтүп баратканын көрөсүң, бул алгоритм эмес, маалымат эмес – бул үй-бүлөнү, тагдырды, кайгыны түптөгөн негизги фактор. Негизгиси эч бир технология, анын ичинде ЖИ, аны алмаштыра
албайт.
– Сиз китебиңизде илимий ачылы-шыңыз, “Ашимов-Сагымбаев мыйзамы” тууралуу жазыпсыз. Анын маңызы эмнеде?
– Маани-маңызы мында. Биз технологиялык жана гуманитардык чаралардын ортосундагы табигый байланыш мыйзамын аныктадык. Жөнөкөй сөз менен айтканда: технология канчалык тез өнүксө, гуманитардык чектөөлөр системасы ошончолук өнүккөн болушу керек. Бирисиз экинчисин туура өнүктүрө албайсың. Техника өнүгүп, гуманитардык маданият артта калса, коом үчүн коркунучтуу дисбаланс пайда болот. Анын кесепети адамзатка келечекте чоң зыян алып келиши
арбын.
– Сиз муну Кыргызстандын гуманитардык жана медицина тармагындагы бир нече фундаменталдуу ачылыштардын бири деп ырастай аласызбы?
– Туура. Ушуну менен философия, гуманология тармагында биз азыр үч илимий ачылыштардын авторубуз. Дүйнөлүк илимий ачылыштарынын реестрине 2017-2018- жана 2026-жылдары биздин илимий ачылыштар катталган. Бул ачылыштар боюнча бизге илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы жана Петр Капица атындагы Орусиянын илимдер академиясынын медалы ыйгарылган. Жалпы Кыргызстандын тарыхында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдан ашык тарыхында мындай ачылыштардын саны эми жетиге жетти. Эгер мурда ачылыштар биринчи кезекте физика, математика жана техника илимдеринде катталган болсо, гуманитардык жана медицина тармагында биз тарыхта биринчи жолу кадам таштадык. Бул идеядан гипотезага, анан илимий ачылышка чейинки көп жылдык эмгектин концептуалдуу натыйжасы. Илимий ачылыштар боюнча биз эки моногра-
фияны 2024-жылы “Научное открытие” жана 2026-жылы“Научное открытие – 2.0” журналдарына чыгардык.
– Бүгүнкү күндө көпчүлүк жасалма интеллект адамдарды, анын ичинде дарыгерлерди алмаштыра алат деп айтып жатышат. Сиз буга макул боло аласызбы?
– Жок. Жасалма интеллект бизге, дарыгерлерге жардам бере алат жана ал эффективдүү технология катары жардам бериши керек. Бирок ал эч кандай шартта адамды алмаштырбаш керек! Ар кандай операция, ар кандай медициналык чечим жөн гана технология эмес. Бул интуиция, жоопкерчилик, моралдык тандоо. Бул диагнозду гана эмес, адамды көрө, сезүү, билүү. Жасалма интеллект маалыматтарды талдай алат, бирок сезбейт. Ал эми сезимсиз дарыгерлик дарыгерликке жатпайт.
– Сиздин оюңузча, нейрондук тармактардын доорунда кандай чаралар адамда адамды сактап калууга жардам берет?
– Бул бир эле адамдын, атүгүл абдан улуу, жеке адамдын, ал тургай бүтүндөй бир өлкөнүн, илимий коомдун милдети эмес. Мындай көйгөйдү чечүү азыркы учурда бүткүл адамзат үчүн күн тартибинде турган эң актуалдуу маселелердин бири. Бир нече жылдан бери жасалма интеллекттин өнүгүү тенденциясын жана анын философиясын изилдеп келе жаткан окмуштуулар катары биз гуманитардык билим берүүнү, технологияны этикалык жөнгө салуу механизмдерин күчөтүү жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча кеңеш берип келебиз. Бирок эң негизгиси, өсүп келе жаткан муундарды өз жана башка элдердин улуттук каада-салттарын урматтоого, боорукердикке, жоопкерчиликке тарбиялоо негизги маселелерден болуп саналат.
– Чыгармачылыгыңыздагы негизги ойду бир сүйлөм менен кыскача айта аласызбы?
– Технология акылыбыздын жана денебиздин уландысы болуп калган дүйнөдө адам бойдон калуу маанилүү экенин унутпашыбыз зарыл.
– Адамзат бул милдетти көтөрө аларына ишенесизби?
– Бирок биз аң-сезимдүү болсок гана бул маселелер чечилет. Илим – бул чоң жетишкендик. Биз жолубузду өзүбүз тандап, адамзаттын жолу гуманисттик баалуулуктардын негизинде уланышы зарыл. Болбосо, бир күнү биз технология өсүп-өнүгүп адамзатка зыянын тийгизип, адамзат жок болуп кеткенин байкабай, бул дүйнөдөн такыр кол жууп калууга жол бербешибиз
керек.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу

