“Жаныбек Рай чыгармалары архаикадан бүгүнкү күнгө чейинки мейкиндикти камтып, элдин калтырган мурасын, андагы каармандарын, тарыхын жана бүгүнкү күндөгү чындыгын калыбын бузбай, бай метафораларга, символдорго айкалыштыра эпикалык көлөмгө чыгарып, азыркы искусствонун тилинде жогорку көркөм чеберчиликке жеткирген – ойчул сүрөтчү”.
Кезегинде Айтматов Чыңгыз дал ушундай баа берген сүрөтчү Жаныбек Райдын кыргыз элинин залкар кинорежиссеру Мелис Убукеев жөнүндө эскерүүсүн сунуштайбыз.
Москва көчөсүнөн кайрылып ГлавАПУга жете бербей беш кабат үйгө жакындаганда күн чоң шашке болуп калган. Жолдун аркы бетиндеги жаңы ачылган Кытайдын “Кызыл ажыдаар” ресторанынын алдына кара түстө чүмбөттөлгөн кызыл номерлүү эки жип машинеси ээрчише келип токтоду. Ичинен кара костюм, мойнунда кызыл, сары чатыраш галстук байланган төрт киши түшүп ресторанга бет алды. Дипломаттар сода суу, ысык шоколад, түрдүү деликатестин үстүндө отуруп олуттуу маселе чечишкени келгендир. Мен ашканада чыркырап куурулган баканы, жылан, коңуздун этин элестетип: “Кыргызстанда багалаң козу, казы-карта, чучук, тайдын эти турганда алар аны жебей калсын” деп өзүмчө ой жорумга түштүм.
Подъездден көтөрүлүп сыртында дермантин капталган эшиктин алдына келдим. Эшик ачылып маңдайымда көкүрөгүнөн ылдый түшө берген жумуру жака, кең чөнтөктүү шайы халат жамынган, бутуна жалтырак кайыш тапичке илген салабаттуу, ак жуумал, бетинде бырышы жымсалданган олбурлуу адам турду.
– Келе гой, үйдү адашпай таптыңбы?
– Ооба!
– Ап баракелде, кире кой! – ал күңүрт-төнгөн кенен кире бериштен залга кирүүгө ишаарат кылды. Босогодон тарта залдын ичиндеги дубалдарда бош аралык калбай илинген полотнолорду, капшыттагы комот, лакталган кызыл серванттын текчелерине коюлган фарфор, асыл таштан жасалган түрдүү статуэткаларды көрүп, кинодогу ак сөөктөрдүн же көркөм коллекционердин үйүнө киргенсип тамшана бердим. Табиттүү жасалгаланган бөлмөгө дагы бир нерсе жетишпей тургансыды, атрибутика… О, таптым-таптым! Ушул кең босогодо моюнунда кемер боосу күмүштөн чегерилген кулпунган ит жатса го. Ал эми тигил мамык дивандын үстүндө көкүлүнө бантик байланган жеңебиздин машкеси чыңкылдап үн чыгарып койсо, кадимки француз интеръерине окшоп калбайт беле?!
Мен бир саамга оюм менен алаксый, бөлмөнүн жетишпеген жагдайын жайгаштырып жатканымда көңүлүмдү: – Келе колду, – Жаныбек Кожокулов! – дей, колун сунган олбурлуу адамдын үнү бузду.
– “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши”, – дейт. “Мурас”, “Аксакалдар”, “Көкөй кести” аттуу чыгармаларыңды көрүп, жашы келип калган кишиби десем кырчын курактагы жигит турбайсыңбы! – Азамат, азамат! Чыгармаларыңдын өзүн болбосо да, гезитке чыккандарын мына минтип чогултуп жүрөм! – ал шкафтын суурмасын ачып, ватман кагазын үстөлдүн үстүнө жая берди. Анда “Жаштык жарчысы”, “Кыргызстан Маданияты”, “Советская Киргизия” газеталарына басылган менин чыгармаларымдын фотолору дубал газетага окшоп чапталып туруптур.
Бул мен үчүн түшкө кирбегендей нерсе эле. Чыгармаларыма урмат сый, астейдил мамиле кылган шайы халат жамынган адамдын – кыргыздын залкар кинорежиссеру Мелис Убукеев экенине да кубанычым койнума батпай турду. Рахмат, рахмат! – дей адетимче бүжүркөй колун кармай калдым.
– Мен да сиздин “Тайгак кечүү”, “Ак Мөөрүңүздү” көрүп чоңойдум, аны менен жашаган күндөрүм болду. Өзгөчө “Тайгак кечүүдөгү” колониалдык зомбулуктун курч чечилиши, боз үйдүн ичиндеги Эстебес Турсуналиевдин үнү коштогон “Карагул ботомун” укканда апама көрсөтпөй жашып алганымды унутпайм – деп шашкалактап калдым эле, Мелис аба ыраазычылык билгизе балкылдай башын ийкеди.
– Эми мындай, мынабу картиналарды көрүп турасың. Булардын жарымынан көбүн сатып алгам, калганы тартуу, белек болуп келген. Сенин чыгармаларыңан да сатып алайын деген оюм бар. Бирок оригиналына чамам жетпейт, иле турган жерим да жок көрүп турасың. Ошентсе да бир орун даярдап койгом, жүрө гой! – ал уктоочу бөлмөнү көрсөтө, кирүүгө ишаарат кылды.
– Мынабу, жеңең экөөбүздүн керебетибиз. Так бет маңдайдагы бош орунду көрдүңбү? Ошо жерге сенин “Манасчылар” менен “Периштелериң” куп келчүдөй. “Манасчыларды” өзүмө, “Периштелерди” жеңеңе тартуу кылсам дегем. Бирок копиясын!..
Аны укканда менин оңтойсуздана түшкөнүмөбү:
– Жо-жок, коё тур, эмне айтаарыңды билип турам. Кыргыздар копия десе эле наркы жок, куну түшкөн полотнону элес-тетет. Мен үчүн автордун өз колунан кайталаган иши оригинал болуп эсептелет. Дүйнөлүк практикада да ошондой. Пикассо бир эмгегин элүү жолу кайталаптыр, баарын оригинал дешет. Чынында өзүңдүн тирүү кыл калемиңен жаралып жатпайбы, туурабы!
– Мен да ошону айтайын дегем агай.
– Ап баракелде! Анда оюбуз бир жерден чыкты. Эми өлчөмүн ал дагы баасын айт. Кандай болсо да төрт-беш эсе кичирейип жатпайбы. Анан сени менен сүйлөшө турган башка кебим бар.
Эгерим өз ишимди кайталабаган жаным күтүүсүз сунушка шаштым кетсе да, бир жагынан тажрыйба катары, экинчиден боёк алганга акчам жетпей жүргөнүн ойлоп дароо макул болдум.
– Жүрөгой, эми чай ичели!
Биз ашкананын терезесинен бакыя көрүнгөн бет маңдайдагы “Кызыл ажыдаар” ресторанында отургандарга окшоп ысык шоколад, чочконун ышталган этин жебесек да, Мелис абанын таттуу токочу менен сүттүү кофесин ичип
отурдук.
Кеп Манас атадан башталып, Манас атадан бүттү. Мелис аба аны реалдуу, мистика, сюрреализмге да байланыштырып кеп куруп отурду. Манас ата асман менен жерден бүткөн – Нур, Кут, Ай, Күндөн жаралган! – деди. Анын ошол учурда даярдап жаткан жыйырма мүнөттүк “Түбөлүктүүлүккө аруулануу” аттуу кыс-
ка метраждуу тасмасында Манастын эрдиги гана эмес, аны колдоочу кайып дүйнөдөн бүткөн касиетин чагылдыраарын айтты. Кантсе да мунун баары улуу Манасты ичине батырган залкар адамдын купуя сыры эле. Мен үн катпай угуп отурдум. Сөз аягында өзү жазган Манас сценарийинин кол жазмасын алып чыгып:
– Муну өзүмөн башка кишинин колуна кармата элекмин. Оңдоо түздөөнү да ортого салбайм. Бирок сага ишенем. Сенин эпикалык синтездөө диапозонуңа баа берем. Оңдоо түздөөң болсо, коркпой эле киргизе бер! Бирок бирөөнүн колуна тийгизе көрбө, жогото көрбө айнанайын! Эртең саат тогуз жарымда күтөм! Келе колду! – деди.
Мен анда, мага канчалык деңгээлде олуттуу иш тапшырып жатканына анчалык маани бербепмин. Жөн эле алып койдум. Үйгө барып сценарийди бир сыйра окуп чыгып, анын салттуу канондордон алыс экенин, жаңычыл багытын байкаганымда гана кызыгуум артып, сюрреалисттик-трансавангарддык сюжеттеги пикирими кошуп, оңдоо түздөөлөрү менен эртеси жетип келдим.
– Ап, бали! Мына-мына, ушинтээриңди билгем-билгем! – дей, Мелис аба кубанычын жашыра албады. – Манас мага эле керек бекен. Манасты эл жараткан. Мына эми сен дагы салымыңды кошподуңбу. Бул ар бир кыргыз баласынын милдети! – деп барпылдай, болкулдай сөзүн улады.
Мен ал учурда чыгармачылыктын кайсы бир деңгээлдеги өзүмчүл тоскоол-дуктарынан чыга албай жүргөн кезим эле. Ошондо Мелис аба мага окшогон “бала-чакадан” тартынбай эле, же уялбай десем да болоор, чыгармасын ортолукка коюп айкөлдүгүн салганы, менин чүкөдөй чүрүшкөн көөдөнүмдүн андан бетер бырын-чырынын чыгарды. Кудум Манас атага окшоду. Манас атадай кабылан жүрөк, коркпос экени туюлду. Кийин тагдыр буюруп Чыңгыз Айтматов менен байланышта болуп калганымда, эмнегедир ичимен ал экөөсүн салыштыра берчү болдум. Алар бири-бирине окшобогон, кайсы бир касиеттеринен биринен бири ашкан алп адамдар эле. Айтматовдун бир интервьюсунда “диссидент” адамдарды сыйлайм дегени, кудум Мелис абага да тиешеси бардай туюлчу. Чыкемдин ага болгон урмат-сыйы чексиз эле. Себеби Мелис абанын ар бир фильминдеги өзүнүн жеке кызыкчылыгынан баш тартканы, каканакты как жарган чынчылдыгы, коркпостугу, нукура кыргыз жыттанганы; андагы Совет бийлигинин төбөлдөрүнө жакпай, фильмдерин көргөзүүгө тыюу салганы айгинелейт.
Мелис аба сценарий толук жазылып бүткөнчө байма-бай үйүнө чакырып, талкууга салып турду. Съемка башталганда сөзсүз катышуумду өтүндү. Тилекке каршы мен көргөзмөлөр менен Москвада, Россиянын башка шаарлары Ленинград, Омс, Томск, Новосибирск, Сахалинде жүрүп калып катыша албай калдым. Мелис аба өз ишин ийне жибине чейин жеткирген устат, мен билген улуу этно-фольклорист, философ, чебер эле. Анын “Түбөлүктүүлүккө аруулануу” фильми — Кыргыз киносундагы алгачкы Манас темасын көтөргөн баатыр адамдын кадамы экенин сыймыктанып айтам… Аа баса, эсимен чыккыр десе! Мелис абанын Манасын айтып отуруп, аны менен башында болгон сөз учугунан алыстапмын.
Ал папкасын ачып эки бүктөлгөн кагазды алып чыкты. Анда менин “Аксакалдар” аттуу полотномдун негизинде түзүлгөн коллаж түрүндөгү эскизи турду. Ишенип-ишенбегеним андагы каармандарды өзүнүн каармандарына кошуп; чын дүйнө, жалган дүйнө, кайып дүйнөнүн каалгасын ачып тургансыды.
Эскиздеги болочокку полотнонун арткы фонунда, адамдын үч курагы чагылдырылган; бири тал чыбыктай ийилген жаш кыз, экинчиси толукшуган айдай келин, үчүнчүсү бөкчөйүп бети бырышкан кемпир. Астында гезиттен кесип алган “аксакалдардын” элеси. Ортосунда контраст силуэтте жарым уранды бейиттер экен.
– Тирүүлөр жана бейиттер – деди Мелис аба үнүн аста чыгарып. Бул мүрзөлөрдү илгери “Тайгак кечүү” фильмин тартып жүргөндө Нарынга барып Кошой-Коргон тараптан тартып келгем. Ошондо мындай бир кызык абалга дуушар болдум, – деп сөзүн улады Мелис аба.
– Күүгүм кирип бараткан. Бейитке жакындаганда күн уясына батып бараткандагы акыркы нурлары мынабу мүрзөнүн дубалдарына кызарып тийип нурдантып турду. Ошол эле учурда күүлдөгөн муңдуу добуш коштоп тургансыды. Басалбай буттарым тушалып, ордумда арбалып туруп калдым. Кулагыма байыркы бабалардын ыры, муңу, күлкүсү угулгансып; сырдуу, сүрдүү минуталар закымдап өтүп жатты. Эртеси кан чыгарып, мал союп, куран окуттук. Бул сюжетти фильмге колдондум, бирок ага болбой баягы добуш кулагыман кетпей ушу күнгө жеттим. Анан эле сенин “Аксакалдар” аттуу картинаңды гезиттен көрүп калып, мынабу эскизди жасагандан кийин жаным тынчып, бир аз бошогонсуп калдым. Эми: – Тарт, тарт! – деп жанымды койбойт. Сени издегенимдин себеби да ушул айнанайын Жаныкем. Ушуну сен бүтүрбөсөң, мен живопись жазалбайм. Анүстүнө арбактар сенин “аксакалдарыңды” суранып жатышпайбы. Милдеттен кутулайын. Анан калса экөөбүздүн биргелешип жазган эмгегибиз болуп калсын.
Ич күйдүлөрдүн пессимисттик бүйрүтмө деп аташкан “Жетинчи асман” аттуу чыгармамдан кийинки тепкиден соолуга албай жүргөн жаным, эми Мелис абанын биргеликте иштейли деген “Тирүүлөр жана бейиттерин” иштеп баштасам чындап тепкилешет го дедим ичимден. Анткен менен Мелис абанын түйшөлткөн ойлору менин мурдагы чыгармаларыма окшоп кеткени, уландысы экенине, кайып дүйнө илешкисине чалдыккан жалгыз эле мен эмес экениме ишендим, пикирлеш адамымды тапкансыдым.
– Жарайт аба! – дедим. Мен мунун техника-технология, стилистикалык жагын карап чыгайын. Баштаарымда сизге кабар кылам – деп жибердим.
Айна-анайын Жаныкем ошент-ошент. Арбактардын сообуна калалы.
Сырттан караган кишиге биздин мае-гибиз параноидалдык чөктүрмөгө чалдыккан адамдардын маегине окшоп баш оорутмай, мааниси жоктой туюлса, биз үчүн чындыктын чырагы жанып, жогорку мейкиндикке уча тургансып эпкиндеп
турдук.
Андан соң полотно башталып бүтөөрүнө аз калганга чейин Мелис аба өнөрканама байма бай келип турду.
Акыркы жолу биз Улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулган “Автопортрет” аттуу республикалык көргөзмөнүн бет ачарынан жолугуштук. Мелис аба учурашканда эле картинанын абалын сурады.
– Кайсы жерине келдиң? Баягы акыркы жолу көргөндөн бери бир топ жылыштар болгондур?
– Буюруса бир жуманын ичинде бүтүп калат. Убактыңыз болсо эки-үч күндөн кийин көрүп кетиңиз, – деп бышык айттым.
– Ап баракелде! Анда бүтүп калган экенсиң. Көрөлү Жаныкем, көрөлү! – дей, Мелис аба плащынын бүчүлүгүн чече, көкүрөгүн жагжайта ачып кенен дем алды. Күн көрбөгөн кубакай жүзүнө кызыл жүгүрө албырып жангансыды. Ааламга, жаратканга, курчап турган бардык нерсеге ыраазы болгондой алыс-ка көз чаптырды. Жанында турган кишилерге баркылдап сүйлөй айкөлдүгүнө салды. Телегейи тегиз бактылуу болуп көрүндү. Эчен жылдар бою түн уйкудан безип түйшөлткөн бабалардын арбактарынын алдында аян аманатынан кутулгансып көл болуп көлкүп турду. Муну мен көрүп, мен гана сезип тургансыдым. Оо-ф! Бүгүн көргөн, эртең жок – жалган дүйнө десеңчи!..
Ооба, ооба – жалган дүйнө! Эртеси радиодон Мелис абанын күтүүсүз дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабарды уктум. Уккан кулагыма ишенбей дүйнө астын-үстүн, алай-дүлөй түшүп кара чүмбөт жамынгансыды. Көкүрөк күйүп көзүмө жаш тегеренди, түтөп кеттим. Жанымдын бир бөлүгү кошо кеткенсип: “Абам, өмүр бою күткөн чыгармасын көрбөй кетти, көрбөй кетти!” – деп өксүп-өксүп жибердим. Жаныңыз бейишке чыксын, дедим.
Анан ошол эле учурда өрттөнүп турган жаныма Мелис абанын кечээги жаркын элеси пайда боло: – Ыраазымын Жаныкем, ыраазымын! Көрдүм, көрдүм! – дей баягысындай эле баркылдап тургансыды.
Кийин ал калдайган эки метрге жакын көлөмдүү “Тирүүлөр жана бейиттер” аттуу полотнону музейге күзгү республикалык сүрөт көргөзмөсүнө койдум. Астына кыскача: – “Кыргыз элинин улуу уулу Мелис Убукеевдин жаркын элесине арналат” – деп жаздым.
Бул астралдыкпы, мистикалыкпы же билгендер дагы эмнени айтышат, коомчулукка кайчы пикир жараткан полотнонун чыныгы сыры жаркын маанай, алп мүнөздүү Мелис абамдын өзү менен кошо кеткенсип ыраактан
үлбүлдөйт.
Мен ааламды айланган тирүү арбактардын катарынан орун алган абакемдин мейкининде чогуу калкып, чогуу айлангансыйм.
Жаныбек РАЙ


