Кыргызстанда тигүү тармагындагы ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоо уланууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри «Биринчи” радиосунун эфиринде билдирди.
Министрдин маалыматына ылайык, каржылоо эки мамлекеттик банк аркылуу жүргүзүлүп, бөлүнгөн жалпы сумма 1 миллиард сомго жакындады.
Насыялар негизинен расмий каттоодон өткөн, салык төлөгөн, бардык талаптарды аткарган компаниялар башкача айтканда, мыйзам чегинде иш алып барган ишкерлерге багытталган. Ал эми документтери толук эмес же расмий эмес иш жүргүзгөн ишканалар каржылоо алууда кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн.
Министр белгилегендей, “нөлдүк” отчет тапшырган компаниялар да насыя алууда тоскоолдуктарга дуушар болууда. Себеби мындай ишканаларда зарыл болгон декларациялар жана тастыктоочу документтер жетишсиз болот.
Учурда бул маселени жөнгө салуу үчүн банктар менен биргеликте иштер жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта тиешелүү чечимдерди талкуулоо үчүн жолугушуулар өткөрүлөт.
Бакыт Сыдыковдун айтымында, банктар калктын депозиттеринин эсебинен иштегендиктен, карыз алуучулардын ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү өзгөчө маанилүү. Күрөө талаптары сакталат, бирок мыйзам алкагында насыя берүү шарттарын жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

