Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы долбоорлор ийгиликтүү уланат

0
7265

Күн мурун Лондон шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ)нын вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушту.

ТИМдин маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инфраструктураны модернизациялоо, экономиканын туруктуулугун жогорулатуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Өзгөчө көңүл төмөнкү багыттарга бурулду:

  • сууну камсыздоо системаларын калыбына келтирүү;
  • транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү;
  • гидроэлектростанцияларды куруу.

Маттео Патроне Кыргызстандын экономикасында байкалган оң өсүш динамикасын белгилеп, ЕРӨБ мындан ары да өлкө менен өнөктөштүктү бекемдөөгө жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастап, Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы долбоорлор ийгиликтүү уланарына ишеним билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз