Башкы беткеРубрикасы жокЧүйдө сугат жабдууларын чыгаруучу завод курулат

Чүйдө сугат жабдууларын чыгаруучу завод курулат

Түркиянын AKPLAS PLASTIK SANAYI VE TICARET A.S. компаниясы Чүй облусунун Московский район аймагында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Өндүрүш комплекси Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жер тилкесине жайгаштырылат. Инвестор айыл чарба жана суу инфраструктурасы үчүн заманбап чечимдерди, анын ичинде HDPE/PE жана PVC полимер түтүктөрүн, фитингдерди, ошондой эле сууну фильтрациялоо жана бөлүү системаларын чыгарат.

Сүйлөшүү процесси Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, келишимди даярдоо жана коштоо иштери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү өндүрүштү ишке киргизүү агрардык сектордо суу үнөмдөөчү технологияларды кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет. Бул сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга жана жоготууларды азайтууга шарт түзөт. Мындан тышкары, долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, логистика, монтаж жана тейлөө кызматтарынын өнүгүшүнө түрткү берет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар