Венгрия келечектүү долбоорлорду кароого ачык жана Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.
Виктор Орбан Кыргызстан акыркы жылдары жетишкен алгылыктуу өзгөрүүлөргө жана ийгиликтерге кызыгуу менен көз салып жатканын белгилеп, Мамлекет башчысын таасирдүү натыйжалары менен куттуктады.
Виктор Орбан Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишин канааттануу менен белгилеп, анын ресурстарын эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн негиз боло турган стратегиялык долбоорлорго жумшоонун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Премьер-министр Кыргызстан географиялык татаал абалына карабастан, ишенимдүү өнүгүүнү көрсөтүп, экономикалык позициясын бекемдеп жатканын өзгөчө баса белгиледи.
Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров өкмөттөр аралык мамилелердин активдүү өнүгүүсүн, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чыңдалгандыгын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү кызматташуу, стратегиялык өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелерди бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.