whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКеминдеги “Апамдын каттамасы” тамактануучу жайлары буздурулуп жатат

Кеминдеги “Апамдын каттамасы” тамактануучу жайлары буздурулуп жатат

Кеминдеги каттама саткан ашканалар буздурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Кемин районундагы Чолок айылынын калктуу конушундагы (3888-чакырым) Бишкек – Балыкчы багыты боюнча темир жолго бөлүнгөн тилкедеги коомдук тамактануу жайларын текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, КР президентинин «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында темир жолдун боюн коомдук тамактануу объекттеринен бошотуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында мыйзамсыз жайгашкан 24 объектиге жалпысынан 60 миң сом административдик айып салынып, учурда буздуруу жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар