whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨзгөчө кырдаалдан коргоо потенциалын арттыруу концепциясы кабыл алынды

Өзгөчө кырдаалдан коргоо потенциалын арттыруу концепциясы кабыл алынды

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жана божомолдоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитти. Тиешелүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.

Маалыматка ылайык, анын максаты – калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо потенциалын арттыруу. Токтомду ишке ашыруу чыгымдары донорлордун жана мамлекеттик органдардын каражаттары менен камсыздалат.

КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 232 токтому

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары – Концепция) 1-тиркемеге ылайык;

2) Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

3) Иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;

4) Иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.

2. Концепцияны ишке ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-изилдөө уюмдары (макулдашуу боюнча):

1) Концепцияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

2) бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Иш-чаралар планына ылайык Концепцияны ишке ашыруу боюнча ведомстволук жана аймактык пландарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашсын;

3) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берсин.

3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар донордук каражаттардын эсебинен, ошондой эле тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар