Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) АКШ Конгрессин президент Дональд Трамптын буйругунан кийин Дүйнөлүк медиа агенттигин (USAGM) коргоого чакырды.
Трамп 14-мартта федералдык агенттиктерди кыскартууга багытталган жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Америка үнү», «Эркин Европа/Азаттык» радиосу жана башка медиа уюмдарды тескеген USAGM жабылуу коркунучуна кабылды. CPJ бул кадамды “авторитардык режимдерге белек” деп атады.
«Азаттык» радиосунун президенти Стив Капус агенттиктин каржылоосу токтосо, АКШнын медиа дипломатиясы чоң сокку жеп, автократиялык режимдер күч аларын белгиледи. USAGM 360 млн аудиторияны камтыган 50дөн ашык тилде маалымат таратуучу көз карандысыз өкмөттүк уюм. Ал 2025-жылы 950 млн доллар каржылоого муктаж.
Бул буйрук башка федералдык мекемелерге да таасирин тийгизет. Трамптын администрациясы чыгымдарды кыскартууну негизги максат катары кароодо.

