whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.07.2025
24 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФилиппиндин мурдагы президенти камакка алынды

Филиппиндин мурдагы президенти камакка алынды

Сот чечимисиз адам өлтүрүүлөргө барган Филиппиндин мурдагы президенти камакка алынды.

Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте Манила эл аралык аэропортуна конгондон кийин Эл аралык кылмыш сотунун ордеринин негизинде полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу BBC жазды.

Ал президент кезинде бир нече жолу баңгизат сатуучуларга физикалык зомбулук көрсөтүүгө чакырып, үч баңгизат сатуучуну өзү өлтүргөнүн билдирген. Ар кандай маалыматтар боюнча, ал өлкөдө жарыялаган баңгизатка каршы согушта кеминде алты миң адам каза болгон.

«Бүгүн эртең менен Интерпол камакка алуу ордеринин расмий көчүрмөсүн алды», — деп айтылат Филиппиндин учурдагы президенти Бонгбонг Маркостун кеңсесинин билдирүүсүндө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар