Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев иш сапары менен Түркмөнстанга келди

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркмөнстанга келди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  БУУнун  конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине келди.

Иш сапардын алкагында өкмөт башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын  жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат.

Мындан тышкары деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Үчүнчү конференциясынын алкагында  өтүүчү «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн» маданий иш-чараларына катышат.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар