Бишкекте түтүн жана абанын булганышы талкууга алынды

0
2577

2026-жылдын 17-февралында Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттары, Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, курулуш жана каржы уюмдарынын өкүлдөрү, ЖМК жана активдүү шаар тургундары катышты. Жалпы 150дөн ашуун адам болду.

Шаар башчысы катышуучуларга жаңы завод боюнча экскурсия уюштуруп, бул долбоор Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууда маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, мурдагы Экологиялык кеңештин жыйынында берилген сунуштар аткарылган.

Тактап айтканда, 2025-жылы жашылдандыруу планы 15 миңден 18 миң көчөткө чейин көбөйтүлүп, алар мектептерге жана шаардын аймактарына отургузулган. 2026-жылы бул көрсөткүч 50 миң көчөткө жеткирилди. Учурда тиешелүү келишимдер түзүлүп, көчөттөрдү жеткирүү иштери жүрүп жатат. Көчөттөр алдын ала питомниктерге отургузулуп, тамыр алышына шарт түзүлөрү айтылды.

«Экологиялык кеңеш — бул Бишкек шаарынын мэриясы сын-пикирлерди жана конструктивдүү сунуштарды угууга, иш-аракеттер планын иштеп чыгууга жана жыл жыйынтыгында отчет берүүгө даяр болгон аянтча», — деди Айбек Джунушалиев.

Коомдук угууда негизги көңүл түтүн жана абанын булганышы маселелерине бурулуп, катышуучулар бир катар суроолорду жана сунуштарды айтышты. Алар мындан аркы иштеп чыгуу үчүн каттоого алынды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте уюштурулду.

Жыйынтыгында мэр катышуучуларга жарандык активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Экологиялык кеңеште көтөрүлгөн бардык демилгелер тиешелүү түзүмдөр тарабынан караларын белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз