Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Тил институту түзүлдү жана жакынкы аралыкта орфографиянын жаңы эрежелери даярдалат.
Мындай маалымат КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити биргелешип өткөргөн «Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аталышындагы кереге кеңеште белгилүү болду.
«Улуттук илимдер академиясында Тил институту түзүлдү. Эми аталган инститтун базасынын негизинде, орфография маселеси күн тартибине коюлат. Биздин тескемебиз менен эксперттик топ бекитилди. Тилчи, филолог, лингвисттер, окумуштуулар кандай чечим кабыл алса, ошонун негизинде орфографиянын жаңы эрежелери даярдалат»,-деди КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев.
Кереге кеңешке мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана журналисттер, ЖОЖдордун журналистика факультетинин декандары катышып, жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу, учурдагы абал, жетишкендиктер менен көйгөйлөр, медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелери талкууланды.