Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Жапония жана БУУ ДАТП биргелешип 17 миң чакан фермерге колдоо көрсөтө турган жаңы долбоорду ишке киргизди. Долбоор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы фермерлерге багытталып, айыл чарбада климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөн кол коюу аземине министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Хирано Рюити жана БУУ ДАТПнын өкүлү Кожиро Накай катышты. Долбоор чакан фермерлерге жогорку сапаттагы көчөттөр, климатка туруктуу күнөскана, суу резервуарлары, органикалык компост өндүрүүчү жайлар жана түшүмдү сактоочу чакан имараттар менен камсыздоону, ошондой эле кооперативдерди жана финансы башкарууну үйрөтүүнү карайт.
Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев бул демилге айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, фермерлердин туруктуулугун камсыздай турганын белгиледи. Жапониянын элчиси Хирано Рюити демилгенин айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Долбоор Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги JICAнын техникалык колдоосу менен ишке ашат.

