Бионикалык жашоо

0
5425

Юваль Ной Харари — биздин замандын эң таасирдүү ойчулдарынын бири, израилдик тарыхчы-окумуштуу жана жазуучу. Оксфорд университетинин доктору.  Учурда Иерусалимдеги Еврей университетинин тарых факультетинин профессору. Ал 2011-жылы жарык көргөн «Sapiens: Адамзаттын кыскача тарыхы» китеби аркылуу дүйнөгө таанылган. Бул китеп 60тан ашык тилге которулуп, миллиондогон нускада сатылган. Китепти окуганга Билл Гейтс, Марк Цукерберг жана Барак Обама сыяктуу инсандар сунушташканы айтылат.  Харари негизинен үч чоң теманы изилдейт: «Sapiens» (өткөн чак): Адамзат кантип жапайы жаныбардан планетанын кожоюнуна айланганы; «Homo Deus» (Келечек): Технология, жасалма интеллект жана генетикалык инженерия адамды Кудай сыяктуу кудуреттүү жандыкка айлантышы мүмкүн экени; «ХХI кылым үчүн 21 сабак» (Азыркы чак): Бүгүнкү күндөгү глобалдык көйгөйлөр (фейк жаңылыктар, терроризм, экология) тууралуу ой жүгүртөт.
Төмөндө автордун Homo sapiens (лат. homo — адам, sapiens — акылдуу) деген китебинен жасалма интеллект жана биотехнологиялар алып келе жаткан коркунучтарга байланышкан үзүндүсүн которуп жарыяладык. Илимде Homo sapiens (Акылдуу адам же Адам тукуму) деген түшүнүктү 18-кылымда Карл Линней киргизген. Ал эми аталган китепте азыркы Адам тукуму болжол менен 300 миң жыл мурун Африкада пайда болгону, андан берки өсүп-өнгөнү, кылымдарды камтыган согуштар, тарыхта бурулуш жасаган, бүгүнкү илимий -техникалык жетишкендиктер менен бирге анын кесепети тууралуу баяндалат.

Киборг инженерия

Киборгдор – бул органикалык жана органикалык эмес бөлүктөрдөн турган жандыктар, мисалы, робот-колдору бар адамдар. Кандайдыр бир мааниде алганда, баарыбыз азыркы тапта киборгбуз, анткени биз жаратылыш тарабынан берилген органдарыбызды жана функцияларыбызды ар кандай шаймандар менен толуктайбыз: көз айнектер, кардиостимуляторлор, биопротездер жана атүгүл мобилдик телефондор (алар эс тутумдун жана маалыматты иштеп чыгуу функцияларынын бир бөлүгүн өзүнө алат).

Жакын арада биз чыныгы киборгдорго айланабыз – органикалык эмес элементтер денебиздин ажырагыс бөлүгү болуп калат жана биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз, каалоолорубуз, атүгүл инсандык турушубуз өзгөрөт.

АКШнын Коргоо министрлигинин Келе­чектүү изилдөөлөр башкармалыгы (DARPA) курт-кумурскаларды киборгдорго айландыруу-да. Идеянын маңызы – чымындардын жана таракандардын денесине электрондук чиптерди, детекторлорду жана процессорлорду имплантациялоо. Ошондо оператор – адам же автомат – курт-кумурскалардын кыймылын алыстан башкарып, маалымат чогултуп жана өткөрүп бере алат. Бионикалык курт-кумурскалар мыкты чалгынчылар болмок.

2006-жылы Американын Аскердик суу алдындагы изилдөө борбору (NUWC) киборг-акулаларды түзүү ниети тууралуу билдирген: «Борбор, жаныбарды нейроимпланттардын жардамы менен көзөмөлдөө максатында, балык үчүн чип иштеп чыгууда». Иштеп чыгуучулар акуланын магниттик толкундарды кармоо жөндөмүн колдонуу менен суу алдындагы электромагниттик талааларды аныктоого мүмкүн болоруна ишенишет – балык ар кандай адамдык приборлорго караганда так аракеттенет.

Сапиенстер (азыркы адам)  да киборгдорго айланышууда. Бизге эң тааныш мисал – угуу аппараты. Анын заманбап вариантын кээде «бионикалык кулак» деп аташат. Бул түзүлүш кулактын тышкы бөлүгүндө жайгашкан микрофон аркылуу үндү кабыл алуучу имплант болуп саналат. Ал үндөрдү чыпкалайт, адамдын сүйлөгөн сөзүн бөлүп чыгат жана аны борбордук угуу нервине, ал жерден мээге түздөн-түз берилүүчү электрдик сигналдардын катарына айландырат.

Германиялык мамлекеттик каржылоодогу Retina Implant компаниясы сокурларга көрүү жөндөмүн жарым-жартылай кайтарып бере турган көздүн торчосунун протезин иштеп чыгууда. Пациенттин көзүнө микрочип орнотуу каралган. Чиптин фотоэлементтери ага түшкөн жарыкты электрдик сигналдарга айлантып, торчонун сакталып калган нерв клеткаларын стимулдаштырат. Бул клеткалардан келген нерв импульстары мээге жетет жана ал «сүрөттөлүштү» чечмелейт. Учурда бул технология сокурларга мейкиндикте багыт алууга, тамгаларды айырмалоого жана атүгүл жүздөрдү таанууга мүмкүндүк берет.

Бионикалык колдор

2001-жылы америкалык электрик Жесс Салливан кырсыктын кесепетинен эки колунан тең ийинине чейин ажыраган. Бүгүнкү күндө ал Чикагонун Реабилитациялык институтунда жасалган эки бионикалык протезди колдонот. Жесстин жаңы колдорунун өзгөчөлүгү – алар ойдун күчү менен башкарылат. Мээден келген сигналдар микрокомпьютерлердин жардамы менен электрдик командаларга айланат жана колдор кыймылдай баштайт. Эгер Жесс оң колун көтөргүсү келсе, ал ар бир адам аң-сезимсиз түрдө жасаган аракетти эле жасайт. Кадимки колдорго салыштырмалуу кыймылдардын жыйындысы чектелүү, бирок эң жөнөкөй күнүмдүк иштер Жесстин колунан келет. Ушундай эле колду жакында мотоцикл кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Клаудия Митчелл да алды. Окумуштуулар жакын арада бизде команда боюнча кыймылдабастан, мээге сигнал бере алган бионикалык колдор болот деп эсептешет, башкача айтканда, ампутациядан кийин атүгүл тактилдик (сезүү) сезимдер да калыбына келет!

Азыркы убакта бионикалык колдор тирүү прототиптерди толук алмаштыра албайт, бирок алардын өнүгүү потенциалы чынында эле чексиз. Мисалы, бионикалык колдорду чыныгы колдорго караганда алда канча күчтүү кылып жасоого болот. Бул колдорду бир нече жылда бир алмаштырып турууга, аларды денеден бөлүп, мисалы, алыстан туруп операция жасоого болот.

Түндүк Каролинадагы Дьюк университетинин окумуштуулары жакында муну мээсине электроддор орнотулган макака маймылдарында көрсөтүштү. Электроддор мээнин сигналдарын тышкы түзүлүштөргө өткөрүп берет. Маймылдарды денесинен бөлүнгөн бионикалык колдорду жана буттарды ойдун күчү менен башкарууга үйрөтүштү. Бир маймыл, Аврора, бир эле учурда өзүнүн эки колун жана денесинен бөлүнгөн бионикалык колду башкарууга жетишти – эми анын, индус кудайындай болуп, үч колу бар жана бул колдор ар башка бөлмөлөрдө, атүгүл ар башка шаарларда жайгашышы мүмкүн. Аврора Түндүк Каролинадагы лабораторияда отуруп, бир колу менен башын, экинчиси менен аркасын кашып жатат. Ал эми үчүнчү колу ошол учурда Нью-Йоркто банан уурдап жатат (бирок алыстан алынган жемишти жеш азырынча мүмкүн эмес). Башка бир макака, Идойя, 2008-жылы дүйнөлүк атакка ээ болду: Түндүк Каролинадагы отургучунан турбай эле, ал Киотодогу бир жуп бионикалык бутту башкарган! Бул буттардын салмагы Идойянын өзүнөн 20 эсе оор болчу.

Псевдокома абалы…
Мээ компьютери…

Псевдокома — бул адам өз денесин башкаруу жөндөмүн жоготкон, бирок ошол эле учурда когнитивдик (акыл-эс) жөндөмдөрү сакталып калган абал. Мындай синдрому бар бейтаптар курчап турган дүйнө менен көзүнүн кыймылы аркылуу гана байланыша алышат. Бирок азыр алардын айрымдарынын мээсине электроддор орнотулуп, мээ сигналдарын кыймылга жана сөзгө айландырууга аракет кылып жатышат. Эгерде бул эксперимент ийгиликтүү болсо, «дене туткундары» тышкы дүйнө менен сүйлөшө алышат. Андан тышкары, бизде башка адамдардын оюн окуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бирок иштелип жаткан бардык дол-боорлордун ичинен эң революция жасаганы –  «мээ-компьютер» интерфейсин түзүү аракети. Бул компьютерге адамдын мээсиндеги электрдик сигналдарды окууга жана ошол эле учурда мээ үчүн түшүнүктүү сигналдарды берүүгө мүмкүндүк берет. Балким, мындай интерфейстин жардамы менен мээ түздөн-түз Интернетке туташат же бир нече мээлер бири-бири менен «интермээнетке» (interbrainet) кошулат? Эгерде мээ жамааттык эс тутумдун банкына түз кирүү мүмкүнчүлүгүн алса, адамдын эс тутуму, аң-сезими жана өзүн-өзү аныктоосу (самоидентичность) эмне болот? Мындай кырдаалда бир киборг экинчисинин эскерүүлөрүн иргеп чыга алат – ал тууралуу автобиографиядан окубайт же элестетпейт, тескерисинче, аны түзмө-түз өзүнүкүндөй эстей алат. Эгерде акыл-эс жамааттык болуп калса, «Мен» деген фундаменталдык түшүнүк жана гендердик өзгөчөлүк кандай өзгөрөт? Эгерде ал кыял сенин обочолонгон мээңде эмес, каалоолордун жамааттык сактагычында болсо, анда кантип өзүңдү таанууга же өз кыялыңдын артынан түшүүгө болот?

Мындай киборг мындан ары адамдык, атүгүл органикалык жандык болбой калат. Бул таптакыр жаңы нерсе болот. Бизге таптакыр белгисиз түрдөгү жандык. Азырынча биз мындай жаңылыктардын бардык саясий, философиялык жана психологиялык кесепеттерин элестете да албайбыз.

Кибер мейкиндиктеги майдан

Табияттын мыйзамдарын өзгөртүүнүн дагы бир жолу – биологиялык эмес жандыктарды түзүү. Мунун эң белгилүү мисалы – өз алдынча эволюциясы бар компьютердик программалар жана вирустар.

Генетикалык программалоо деп атал­ган тармак компьютердик илимдер чөйрөсүндөгү эң популярдуу багыттардын бири болуп саналат. Ал генетикалык эволюцияны моделдөөчү ыкмаларды иштеп чыгат. Көптөгөн программисттер өзүнүн түзүүчүсүнө көз карандысыз түрдө үйрөнө жана өнүгө алган программа түзүүнү кыялданышат. Бул учурда программист primum mobile – негизги кыймылдаткыч күч катары чыгат, бирок анын жаратылган нерселери автор өзү да, башка адамдар да алдын ала көрө албаган багыттарда эволюциялаша алышат.

Мындай программанын прототиби мурунтан эле бар – ал компьютердик вирус. Интернетте жайылып жатып, вирус миллиондогон жолу өзүн кайталайт (көбөйөт). Бул процесс-те антивирустук программалар анын изине түшүп, ал эми кибермейкиндиктеги орун үчүн башка вирустар менен атаандашууга туура келет. Вирус кезектеги жолу өзүн кайталап жаткан учурда ката кетет – бул виртуалдык мутация. Программист вирустун программасына кайталоо учурунда кокустук каталардын кетүү мүмкүнчүлүгүн атайлап киргизип коюшу толук ыктымал.

Эгерде модификацияланган вирус кокусунан ийгиликтүү болуп чыкса – антивирустук программалардан качууну өздөштүрүп, бирок башка компьютерлерге кирүү жөндөмүн жоготпосо – дал ушул версия кибермейкиндикте жайылат. Мутанттар аман калат жана көбөйүшөт. Акырындап кибермейкиндик жаңы вирустарга толот, алар баштапкы түзүлгөн вирустардан таптакыр башкача болот – органикалык эмес революция жүрөт.

Вирустарды тирүү жандык деп эсептесе болобу? Бул сиздин «тирүү жандык» деген түшүнүккө кандай маани бергениңизден көз каранды. Бирок, алар биологиялык эволюция-нын мыйзамдарынан жана чектөөлөрүнөн таптакыр көз карандысыз болгон жаңы эволюциялык процесстин продуктусу экени анык.

Башка бир мүмкүнчүлүктү элестетип көрөлү: сиз өз мээңизди дискке көчүрүп алып, ал дискти компьютерге орноттуңуз. Компьютер адам сыяктуу ойлонуп, сезе алабы? Эгер ошондой болсо, бул «адам» ким болот – сизби же башка бирөөбү? Ал эми программисттер компьютердик алгоритмдерден жаңы санариптик акыл-эсти жаратып, ага аң-сезим, эс тутум жана өзүн-өзү сезүү жөндөмүн беришсечи? Эгер сиз бул программаны компьютериңизге орнотсоңуз, ал инсан (личност) болобу? Эгер программаны өчүрүп салсаңыз – бул киши өлтүрүү калабы? Эгер сиз дискти үзгүлтүксүз тазалап жана дефрагментациялоону унутуп калсаңыз, ал сизди сотко бербейби?

Мүмкүн, жакында биз бул суроолорго жооп алабыз. 2005-жылы башталган Blue Brain Project долбоору компьютерде адамдын бүтүндөй мээсин кайра жаратууну убада кылууда. Электрондордун чынжырлары нейрондордун чынжырларынын ишин туурайт (имитациялайт). Долбоордун жетекчиси жетиштүү каржылоо болсо, бир нече он жылдыктын ичинде компьютердин ичиндеги жасалма мээге күбө болобуз деп ишендирүүдө: ал сүйлөйт жана өзүн жалпысынан адам
сыяктуу алып жүрөт. Бардык эле окумуштуулар мээни заманбап санариптик компьютер сыяктуу иштейт деп эсептешпейт. Эгерде мээнин иштөө принциптери олуттуу айырмаланса, анда азыркы компьютерлер аларды кайра жарата албайт. Бирок мунун мүмкүнчүлүгүн толугу менен четке кагуу акылсыздык болор эле. Кызыктуусу, 2013-жылы Европа Биримдиги бул долбоорго бир миллиард евро бөлгөн.

Сингулярдуулук

Учурда бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өтө аз гана бөлүгү ишке ашты. Ошентсе да, цивилизация биологиянын кишендеринен бошоно баштады. Биз таң калыштуу ылдамдык менен айланабыздагы дүйнөнү гана эмес, өзүбүздүн аң-сезимибиздин жана денебиздин ичиндеги дүйнөнү да өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз. Ишмердүүлүктүн барган сайын көбүрөөк тармактары кадимки калыбынан чыгууда. Юристтерге жеке жана купуялык түшүнүктөрүн кайрадан калыптандырууга туу-
ра келүүдө; мамлекеттер тең укуктуулук жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңы көйгөйлөргө туш болуп жатышат; спорттук уюмдар жана окуу жайлары баалоо тутумун өзгөртүүдө; ал эми пенсиялык фонддор менен эмгек рыногу алтымыш жаштагылар жигердүүлүгү боюнча отуз жаштагылардан калышпаган келечекке ыңгайлашууда. Гендик инженерия, киборгдор жана биологиялык эмес жашоо биздин алдыбызга койгон көптөгөн татаал суроолор менен баарына иштөөгө туура келет.

Адамдын геномунун алгачкы картасын алуу үчүн 15 жыл жана 3$ миллиард керектелген. Азыр болсо каалаган адамдын ДНКсын бир нече жуманын ичинде жана аз эле акчага алууга болот. Мындан жекелештирилген медицина – адамдын жеке ДНКсына ылайык дарылоо башталышы мүмкүн. Үй-бүлөлүк дарыгер бейтапка анын рак оорусуна чалдыгуу коркунучу жогору экенин, ал эми жүрөк боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин ишенимдүү түрдө айта алат. Ал эми бейтаптардын 92%ы ичкен эң популярдуу дары бул учурда иштебей турганын, башкаларга зыяндуу, бирок дал ушул бейтапка ылайыктуу башка таблетка керектигин аныктайт. Биз идеалдуу медицинага карай жолдун башталышында турабыз.

Бирок бул жолдо бизди көптөгөн табышмактар күтүп турат. Этика жана укук тармагындагы адистер ДНКга карата жеке сыр жана жеке маалыматтарды коргоо түшүнүктөрүн кантип колдонуу керектиги жөнүндө талашып жатышат. Эгерде тукум куучулук аркылуу берилген ойлонбой иш кылууга жакындык аныкталса, камсыздандыруу компаниясы биздин ДНКга кызыгууга жана төлөмдү көбөйтүүнү талап кылууга укуктуу болобу?

Биз потенциалдуу иш берүүчүлөргө резюменин ордуна ДНКбызды жөнөтүүгө туура келеби? Ал эми иш берүүчү бош орунга ДНКсы «жагымдуураак» талапкерди тандасачы? Биз «гендик дискриминация» боюнча доо арыз менен кайрылабызбы? Жаңы орган же жаңы жандык жараткан компания ушул гендердин ырааттуулугуна патент каттата алабы? Адам конкреттүү бир тооктун ээси боло алары түшүнүктүү, бирок ал бүтүндөй бир биологиялык түрдүн ээси боло алабы?

Бирок бул көйгөйлөр «Гильгамеш» долбоорунун этикалык, социалдык жана саясий кесепеттеринин – ашыкча адамды (сверхчеловек) жаратуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүгүнүн алдында алсыздап калат. Адам укуктарынын жалпы декларациясы, мамлекеттик саламаттыкты сактоо программалары жана ден соолукту камсыздандыруу программалары, улуттук конституциялар – бул документтердин бардыгы адам коому өзүнүн бардык мүчөлөрүнө дарылануу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга жана адамдардын ден соолугун колдоого тийиш экенин тааныйт.

Медицинанын милдеттери оорулардын алдын алуу жана оорулууларды дарылоо менен гана чектелип турганда, баары жөнөкөй болчу. Ал эми медицина адамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен алектене баштаганда эмне болот? Жаңы мүмкүнчүлүктөргө бардыгы эле жете алабы же «ашыкча адамдардын» элитасы пайда болобу?

Заманбап дүйнө тарыхта биринчи жолу бардык адамдардын принципиалдуу теңдигин тааныганы менен сыймыктанат. Бирок, балким, дал ушул дүйнө буга чейин болуп көрбөгөн теңсиздикти жаратууга даярданып жаткандыр? Бардык кылымдарда жогорку катмарлар өздөрүн төмөнкү катмарлардан акылдуураак, күчтүүрөөк жана жалпысынан жакшыраак деп эсептеп келишкен. Бирок алар болгону өздөрүн жалган ишеним менен гана сооротушкан. Кедей дыйкандын үй-бүлөсүндөгү бала мураскер принцке караганда алда канча акылдуу болуп чыгышы толук мүмкүн эле. Эми болсо, жаңы медицинанын жардамы менен коомдун жогорку катмарларынын бул дооматтары объективдүү чындыкка айланышы мүмкүн.

Бул илимий фантастика эмес. Илимий фантастикада адатта биз сыяктуу эле сапиенстер өтө ылдам космостук кемелер жана лазердик куралдар сыяктуу өнүккөн технологиялар менен ойноп жаткан дүйнө сүрөттөлөт. Бул сюжеттерге биздин дүйнөнүн этикалык жана саясий көйгөйлөрү көчүрүлөт, шарттуу келечектин декорацияларында биздин эмоционалдык жана социалдык драмаларыбыз ойнолот. Бирок келечектеги технологиялардын чыныгы потенциалы – курал-жарактарды же транспорт каражаттарын гана эмес, Homo sapiens’тин (Адам тукумунун) өзүн, анын ичинде эмоцияларын жана каалоолорун өзгөртүү мүмкүнчүлүгүндө. Космостук супер-кеме – көбөйбөгөн жана секс менен алектенбеген, бирок башка жандыктар менен түздөн-түз ой бөлүшө алган, түбөлүк жаш киборгдун жанында эч нерсеге арзыбаган нерсе. Эс тутуму жана көңүл буруу жөндөмү биздикинен миң эсе ашып түшкөн, ачууланбаган жана кайгырбаган, бирок биз элестете да албаган башка эмоциялары жана каалоолору бар киборгдун жанында.

Илимий фантастика мындай келечекти чанда гана сүрөттөйт. Анын так сүрөттөлүшүн биз аңдап биле алмак эмеспиз. Киборгдун жашоосу жөнүндө тасма тартуу – бул неандерталдарга (байыркы жакын туугандарыбыз) «Гамлетти» коюп бергендей эле кеп. Дүйнөнүн келечектеги кожоюндары, кыязы, бизден неандерталдар бизден канчалык алыс болсо, андан да алыс болушат.

Физиктер Ааламдын Чоң жарылуунун баштапкы моментиндеги абалын «сингулярдуулук» деп аташат: бул бизге белгилүү болгон эч кандай жаратылыш мыйзамдары иштебеген чекит. Ал жерде убакыт да болгон эмес, ошондуктан Чоң жарылууга чейин эмне болгонун айтуу маанисиз. Балким, биз жаңы сингулярдуулукка жакындап жаткандырбыз, анда биздин дүйнөдө мааниге ээ болгон нерселердин бардыгы – мен, сен, эркек, аял, сүйүү, жек көрүү – өз маанисин жоготот. Сингулярдуулуктун тигил тарабында биз үчүн эч нерсе мааниге ээ болбой калат.

Франкштейндин пайгамбарлыгы

1818-жылы Мэри Шелли «Франкенштейн» романын жарыялаган. Анын каарманы – жаш окумуштуу жасалма адамды жаратат, ал эми тигил көзөмөлдөн чыгып кетип, көптөгөн кырсыктарды баштайт. Акыркы эки жүз жыл ичинде бул окуя сансыз версияларда кайра-кайра айтылып келет. Ал биздин жаңы илимий мифологиябыздын борбордук темасына айланды. Бир караганда, Франкенштейн жөнүндөгү миф «Кудайдын ролун ойноп, жашоонун жаңы формасын жаратууга болгон аракет үчүн биз катуу жазаланабыз» деп эскертип жаткандай сезилет. Бирок мунун дагы тереңирээк мааниси бар.

Франкенштейн жөнүндөгү миф Адам тукумун тарыхтын жакындап калган соңуна туш кылат. Эгерде ядролук же экологиялык катастрофа болуп кетпесе, анда техноло-
гиялардын тез өнүгүүсү жакын арада Homo sapiens’тин таптакыр башка – физикалык, когнитивдик жана эмоционалдык мүнөздөмөлөрү өзгөчө болгон жандык менен алмашуусуна алып келет. Көпчүлүк сапиенстерди дал ушул нерсе коркутат.

Бизге келечекте бизге окшогон эле адамдар өркүндөтүлгөн космостук кемелер менен планетадан планетага учуп жүрөт деп ойлогон жагымдуу. Бирок, бизге окшоп ойлонгон жана сезген эч ким калбай турган, биздин ордубузду бизден көп эсе өнүккөн, жөндөмдөрү жана мүмкүнчүлүктөрү биздикинен бир нече эсе ашып түшкөн жашоонун формалары ээлей турган келечекти элестетүүнү каалабайбыз.

Ошондуктан биз өзүбүзгө: «Доктор Франкенштейн кезектеги жолу биз адамзатты куткаруу үчүн жок кылышыбыз керек болгон желмогузду жаратып жатат», – деп айтабыз. Сюжеттин мындай бурулушу бизди канааттандырат, анткени биз «жаратылыштын туу чокусу» бойдон кала беребиз. Бизден бийик эч нерсе болгон эмес жана эч качан пайда болбойт. Адамды өркүндөтүүгө болгон ар кандай аракет ийгиликсиздикке дуушар болот, анткени биздин денебизди гана жакшыртуу мүмкүн, ал эми духубуз кол тийгис деп эсептейбиз.

Окумуштуулар денени гана эмес, жанды да кайра жарата аларына моюн сунуу биз үчүн кандай гана оор болот. Келечектин Франкенштейни бизден көп эсе жогору турган жандыкты жаратат; ал жандык бизге биз – неандерталдарга  карагандай эле жогорудан (төмөн көргөндөй) карайт.

Мунун баары дал ушундай болот деп айтууга азырынча толук ишеним жок. Келечек белгисиз. Эгерде бул барактарда баяндалган пайгамбарлыктар толугу менен ишке ашса, бул таң калыштуу болор эле. Тарых бизге бир нерсени үйрөтөт: жакын сезилген нерсе күтүлбөгөн тоскоолдуктардан улам ишке ашпай калышы мүмкүн, ал эми таптакыр акылга сыйбаган сценарийлер ишке ашат. 1940-жылдары капыстан ядролук доор келгенде, 2000-жылга карата көптөгөн пайгамбарлыктар айтылган. Спутник жана Аполлон-11ден кийин, кылымдын аягында адамдар Марс-та жана Плутондо жашашат деп баары алдын ала айта башташкан. Ошол кездеги айтылгандардын өтө азы гана ишке ашты. Башка жагынан алганда – интернеттин пайда болорун эч ким алдын ала билген эмес.

Ошондуктан, санариптик жандыктардын доо арыздарынан коркуп, жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууга шашылбаңыз. Бул фантазиялардын же коркунучтардын баары – болгону ой жүгүртүү үчүн стимул. Бирок биз олуттуу кабыл алышыбыз керек болгон нерсе – тарыхтын жаңы этабы технологиялык жана уюштуруучулук өзгөрүүлөрдү гана эмес, адамдын аң-сезиминин жана инсандыгынын фундаменталдык кайра жаралуусун билдирет. Бул өзгөрүү ушунчалык терең болушу мүмкүн, атүгүл «адам» деген түшүнүктүн өзүн кайра карап чыгууга туура келет. Бизде канча убакыт бар? Муну эч ким так билбейт. Айрымдар 2050-жылга чейин эле алгачкы өлбөс адамдар пайда болот деп эсептешет. Анчалык радикалдуу эместер бул учурду кийинки кылымга, атүгүл кийинки миң жылдыкка таандык кылышат. Бирок адамзат тарыхындагы он миңдеген жылдарга салыштырмалуу миң жыл, атүгүл эки-үч миң жыл деген эмне?

Эгерде сапиенстердин тарыхынын көшө-гөсү чындыгында эле жакында жабылса, анда биз, акыркы муундардын биринин өкүлдөрү, эң негизги суроо менен алектенишибиз керек: Биз ким (же эмне) болгубуз келет? Адамзатты өркүндөтүү тууралуу бул суроо саясатчылардын, философтордун, окумуштуулардын жана жөнөкөй адамдардын башка бардык талаш-тартыштарын четке сүрүп салышы керектей сезилет. Акыр-аягы, диндер, идеологиялар, улуттар жана таптар ортосундагы карама-каршылыктар Homo sapiens менен кошо жок болот. Эгерде биздин мурас-керлерибиз аң-сезимдин башка деңгээлинде иштешсе же биз элестете албаган башка бир нерсеге ээ болушса, анда аларды христианчылык же ислам кызыктырышы күмөн, алардын социалдык системасы коммунисттик же капиталисттик, ал эми гендери эркек же аял болушу да күмөн.

Бирок улуу тарыхый дебаттар өз маанисин жогото элек – анткени, жаңы кудайлардын эң жок дегенде биринчи мууну өз жаратуучуларынын – адамдардын маданий концепцияларына ылайык жаратылат. Так кайсы концепцияларга? Капитализмби, исламбы же феминизмби? Жоопко жараша, өнүгүүнүн бул багыттары таптакыр ар башка болуп чыгышы мүмкүн.

Көпчүлүк адамдар бул жөнүндө ойлонбоону артык көрүшөт. Атүгүл биоэтика да көбүнчө башка суроону чечет: эмнеге уруксат берип, эмнеге тыюу салуу керек? Тирүү адамдарга генетикалык эксперименттерди жүргүзүүгө болобу? Аборттоштурулган түйүлдүктөргөчү? Сөңгөк клеткалар мененчи? Койлорду клондоштуруу этикага туура келеби? Ал эми шимпанзелердичи? А адамдычы? Бул актуалдуу суроолор, бирок Адам тукумун акырындап башка нерсеге айлантып жаткан илимий долбоорлорду өз убагында тормозду басып токтотууга болот деп ойлоо аңкоолук  болор эле. Бардык долбоорлор тигил же бул деңгээлде эң негизгиси – «Гильгамеш» долбоору, өлбөстүктү издөө менен байланышкан. Окумуштуулардан эмне үчүн геномду элементтерге ажыратып жатышканын, мээни компьютер менен туташтырууга же компьютердин ичине акыл-эсти жайгаштырууга аракет кылып жатышканын сурап көрүңүз. Ондон тогуз учурда сиз бир эле жоопту угасыз: ооруларды азайтып, адамдарды куткаруу үчүн. Акыл-эсти компьютерге көчүрүү психикалык оорулар менен күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө караганда алда канча драмалык кесепеттерди убада кылганына карабастан, бул стандарттуу шылтоо болуп саналат, анткени ага эч ким каршы чыкпайт.

Ошондуктан «Гильгамеш» долбоору илимдин флагманына айланды: аны менен ар кандай илимий изилдөөлөрдү акташат. Доктор Франкенштейн Гильгамештин ийинине секирип минди. Гильгамешти токтотуу мүмкүн эмес, демек, Франкенштейнди да токтотуу мүмкүн эмес.

Биз бир гана нерсени кыла алабыз: алардын багытын тандоого таасир этүү. Адамзат үчүн эң башкы суроо – «Эмнеге тыюу салуу керек?» эмес, «Биз ким (же эмне) болгубуз келет?». Ал эми жакында биз өз каалоолорубузду да кайра түзө ала тургандыктан, туурараак формулировка мындай болот: «Биз эмнени каалоону каа-
лайбыз?» Эгер бул суроо сизди коркутпаса – демек, сиз бул тууралуу али олуттуу ойлоно элексиз.

Даярдаган
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«Кыргыз Туусу

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз