Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюсунда Кыргызстанды Евробиримдик үчүн маанилүү өнөктөш өлкө деп баалады.
Еврокомиссар Евробиримдик биргелешип Кыргызстандын элине пайдасын тийгизип, ошондой эле аймактык кызматташтыкка салым кошо турган конкреттүү долбоорлорго көңүл буруп жатканын маалымдады. Еврокомиссардын айтымында, суу чарбасы ЕБ үчүн негизги багыт болуп саналат. Кыргызстандык дыйкандарды колдоо, климатка туруктуулукту бекемдөө жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн ирригациялык системаларды модернизациялоонун үстүндө иштер жүрүп жатат..
Энергетика дагы бир негизги тармак. Камбар-Ата-1 ГЭСи эки тарап үчүн тең артыкчылыктуу. Бул Кыргызстан үчүн таза энергиянын булагы болгон ири долбоор гана эмес, энергетика жана суу ресурстарына байланган жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болчу аймактык кызматташтыктын символу.
Кыргызстандын Европаны маанилүү чийки зат менен камсыз кылууда келечектеги өнөктөшүнө айлануу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондой эле биз кен байлыктарын иштетүү боюнча европалык стандарттар экологиялык жана социалдык коргоону камсыз кылууга кантип колдонулса болорун талкуулап жатабыз.
Санариптештирүү жана билим берүү жаатындагы алгылыктуу кызматташуубузду улантып жатабыз. Еврошаркет алыскы аймактарга жогорку ылдамдыктагы интернетти жеткирүү үчүн спутник байланышын сунуш кылууда. Санариптик ажырымды жоюу жана өлкөнүн бардык аймагындагы калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максаты бар.