whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОрусия чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтүн узартты

Орусия чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтүн узартты

Орусия чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтүн узартты. Жарлыкка Владимир Путин кол койду. Жаңы жарлыкка ылайык, Россиянын аймагында болуу режимин бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылды. Мурда 2025-жылдын 30-апрелине чейин белгиленген.

Жарлыктын алкагында көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары Орусиянын аймагынан чыгып кетпей эле өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө сала алышат. Ал үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен кайрылуу жана иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүү керек.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар