whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКызыл кулактыкка кылтак

Кызыл кулактыкка кылтак

«КРнын айрым мыйзам актыларына («Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамга, Турак жай кодексине, Граждандык кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 4-июндан тартып коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин ишениминде аталган мыйзамдын кабыл алынышы үлүштүк курулуштун механизмдерине ишенимди бекемдейт жана үлүшчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат. Анын максаты үлүштүк курулуштун катышуучуларынын укуктук корголушун күчөтүү менен, келишимдерди милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүп, мамлекеттик каттоо аркылуу кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн ачыктыгын камсыздашы абзел. Ошол эле учурда бул талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүп, курулуш үчүн жер участокторун пайдалануунун ченемдерин тактоо болуп саналат.

Турмуш өзү көрсөткөндөй, акыркы жылдары жүздөгөн жарандарыбыз курулуш фирмаларына, ортомчуларга миллиондогон карандай мээнети менен топтогон каражаттарын алдырып, же үйдөн жок, же тишинин кирин соруп топтогон акчасынан жок, кыйчалыш кырдаалдар жаралууда. Турак жай куруунун ар кандай баскычтарында өз каражаттарын жумшаган көптөгөн жарандар убада кылынган турак жайлар алардын менчигине берилбеген жагдайларга туш болуп жатышканына көз жумуп коюуга таптакыр мүмкүн эмес. Дал мына ушул жагдай, көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун катышуучуларынын укуктарын коргоо маселеси актуалдуу болуп келгенин жана актуалдуу бойдон кала берерин айкындап турат.

Адатта, курулуш бүтө электе эле акчасын берип коюшат да, натыйжада батирге ээ боло албай калган учурлар арбын эле. Буга чейин да, айрым депутаттарыбыз алданып калган кардарлардын чогулушуна катышкан соң, адистер менен кеңешип, сатып алуучулардын укугун коргоо үчүн курулуш компаниялардын баштапкы капиталдык нормасын аныктоо, кардарлардын каражатын атайын эсепке түшүрүү, куруучу компания объектини куруп бүткөндөн кийин гана эсептешүүнү жүргүзө ала тургандай тартипти киргизүү максатында атайын мыйзам долбоорлорун жазышкан.

Турак жай ар бир үй-бүлөнүн турмушундагы эң орчундуу нерсе. Муну эң сонун түшүнгөн алдамчылар бир учурда ар кандай аталыштагы турак жай кооперативдерин түзүп, “сиз баштапкы сумманы саласыз жана 6 ай, бир жылдын ичинде турак жай ала аласыз” деп бал тилге салып, миллиондогон каражаттарды чогултканы менен, мында бир коркунуч бар.  Биринчиден, алардын ишинде айкындык жана тактык жок, экинчиден, үй курулбай же берилбей калган шартта аманатчылардан чогултулган каражаттардын кайтарылышына кепилдиктер берилбейт.

ИИМ бир нече коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердигине байланыштуу кылмыш иштерин иликтеген учурда, «S-Line» турак жай кооперативи жарандарга 79 990 000 сомдон ашуун материалдык зыян келтиргени аныкталып, 80ден ашуун кылмыш иши козголгон.

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативине жарандарга 600 миллион сомдон ашык чыгым келтирилгени үчүн 500 кылмыш иши козголгон. Алданган жарандардан «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин үстүнөн 300 арыз түшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери тарабынан алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн, алар, “Ак үй КЖ”, “Жилье Гарант” , “Элдик Групп”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Береке ЛТД”, “Дарим хаус”, “Ордо-Мурас”, “М строй групп”, “С-Лайн”, “Биринчи турак жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека”, “МПК кооператив”, “Нью миленниум”, “Эл биримдиги”.

Ушул багытта 2022-жылдын 12 айына карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган. Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 029 сомду түзөт. 2023-жылга карата өндүрүлгөнү 108 млн. 855 миң 713 сомду түзөт.

Турак жай кооперативдери менен курулуш компанияларынын алдамчылыгы токтоло элек. Өткөн жылы эле 253 үй-бүлө “М Строй Групп” компаниясынын айынан квартирасыз калганы белгилүү болду. Айтымда аталган компания 2018-жылы “Көк-Жар плюс” турак жай комплексин курмак болгон да, убада кылган беш үйдүн ордуна экөөсүн гана бүтүргөн. Бул маселенин бир гана өңүтү. Дагынкысын дагы бар дегендей, өлкөбүздүн аймагында эч кандай уруксат кагазы жок башталган ондогон курулуштар бар. 2023-жылы мыйзамсыз курулуп жатат деп табылган 224 обьектинин 38и Бишкекте, 17и Ошто, 7и Жалал-Абадда, бири Нарында экени такталган. Андан сырткары ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштардын саны 147ни түзгөн. Белгилүү болгондой, мындай мыйзамсыз курулуштардын тагдырын акыр аягы сот чечери түшүнүктүү эмеспи. Бирок, ошонун өзү канчалаган социалдык чыңалууга алып келет, жабыр тарткандар тарабынан нааразылык акцияларына алып келет элестете бериңиз. Демек, бул көйгөй миңдеген жарандарга тиешелүү жана мамлекет тарабынан тыкыр көңүл бурууну жана үлүштүк курулуштун катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн комплекстүү чараларды иштеп чыгууну талап кылат.

Андан да чоң көйгөй, Бишкек сыяктуу чоң шаарларда 49 жылга ижарага берилген жерлер чоң көйгөй жаратып жатканын белгилеп коюуга тийишпиз. Себеби, шаардын аймагындагы бул жерлерге капиталдык курулуштар курулуп, анын ичинде көп кабаттуу үйлөр салынып, ал үйлөрдүн эртеңки тагдыры, макамы кандай болору белгисиз болсо да, эң башкысы шаардын генпланында жок болгонуна карабастан, жүздөгөн шаардыктар кызылдай акчаларына сатып алып жашап жатышкандыгы.

Серепчилердин айтымында, бул Алдар көсөөлүк коррупциялык схема эң жөнөкөй. Оболу шаардын территориясындагы жер жең алдынан 49 жылга арендага берилет. өз кезегинде алган тарап аны курулуш компаниясына ижарага берет же сатат. Курулуш компаниясы 49 жылга берилген жер участогуна капиталдык курулуш курууга тыюу салынганына карабастан, көп кабаттуу үй курат да, квартираларды сата баштайт. 49 жылга берилген жерге көп кабаттуу үй түшүп калган соң, турак жай мыйзамы иштей баштайт экен. Ошентип, бул кызыл кулактык ондогон жылдар бою ишенимдүү иштеп жаткан коррупциялык схемага айланган. А аталган мыйзам долбоору ал коррупциялык схеманын түп тамырынан жое алабы же жокпу, аны айта албайбыз.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде: “Куруучулар көп учурда жер тилкесин 49 жылга ижарага берүү келишимин түзүүдө олуттуу экономикалык жана укуктук көйгөйлөргө туш болушат. Бүтүндөй ижара мөөнөтү үчүн ижара акысын төлөө пайдасыз болуп калат, анткени куруучу курулуш иштерин кыйла кыска мөөнөттө бүтүрүп, объекттен чыгып кетет. Бирок турак жай мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер участогуна укук көп батирлүү турак үйлөрдүн тургундарына берилүүгө тийиш. Бул көйгөйдү жаратат: куруучу кеткенден кийин ижара акысын ким төлөйт?

Мындан тышкары, экинчи маанилүү суроо бар. Жер ээлери менен келишим түзгөндө, тараптар курулуш аяктагандан кийин жер участогунун ээсине берилиши керек болгон чарчы метрдин үлүшүн аныкташат. Бирок, иш жүзүндө, участоктун ээси убада кылынган чарчы метрди албай калган учурлар болот. Бул үйдүн пайдаланууга берилишин кечеңдеткен соттук териштирүүлөргө алып келет. Натыйжада, турак жай жасалгалоонун кечеңдешинен улам коммуналдык кызматтарды коммерциялык тарифтер менен көп жылдар бою төлөөгө туура келген жөнөкөй жарандар жапа чегүүдө.

Ушул көйгөйлөргө байланыштуу мыйзам долбоорунда куруучуларды жер участокторун менчикке сатып алууга милдеттендирүү сунушталууда. Мында ижарага алынган жер участокторуна курулуш курууга тыюу салынат. Бул чара чыр-чатактардын алдын алуу-га, куруучулардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана үлүштүк курулушка катышкан жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган” делет.

Мурда “Турак жай жөнүндө” кодексте “Турак жайды куруу менчик ээси же курулуш үчүн белгиленген тартипте берилген жер участогун пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт” делсе, азыр “Турак жайларды куруу белгиленген тартипте курулуш үчүн берилген калктуу конуштун чектеринде жер участогунун менчик ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.

Калктуу конуштун чектеринде пайдаланууга же ижарага берилген жер участокторунда турак жайларды курууга тыюу салынат” деген өзгөртүү сунушталууда.

Аталган кодекстин  66-беренесине киргизилип жаткан олуттуу дагы бир өзгөртүү мындай: “Турак жайды үлүштүк куруу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Эгерде турак жайды үлүштүк куруу келишими нотариалдык күбөлөндүрүлбөстөн түзүлсө жана мамлекеттик каттоодон өтпөсө, анда жеке жана юридикалык жактар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Турак жайды үлүштүк курууга типтүү келишимдин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат”. Мурда “Турак жайды үлүштүк куруу келишим жазуу жүзүндө түзүлөт, нотариалдык ырасталуусу жана мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүсү керек” деп жазылып, эч кандай жоопкерчилик жөнүндө сөз жок болучу.

Мыйзам долбоорун демилгелегендер “Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кыймылсыз мүлккө укуктарды милдеттүү мамлекеттик каттоо, келишимдерди түзүү жана аткаруу процессин тартипке келтирүү, аларды бузуу үчүн жоопкерчиликти киргизүү жолу менен үлүштүк курулушту укуктук жөнгө салууну күчөтүүдө турат, бул бүтүмдөрдүн ачыктыгын жана мыйзамдуулугун жогорулатууга, алдамчылык тобокелдиктерин азайтууга, курулуштун катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган” деген ишенимде.

Албетте, анын баарын убакыт көрсөтөт.

Акыркы жылдары өлкөбүздүн аймагында курулуштар көп курулуп жатат, анын өзү жакшы, бирок курулуш куруу иштеринде мыйзамдар ошончолук көп бузулууда. Андыктан, бул багыттагы мыйзамдарыбызга өзгөртүүлөрдү киргизип, жарандарыбыздын укугу корголчудай жоболорду киргизип туруу мезгил талабы. Мыйзамдардын аткарылышы өзүнчө оор көйгөй. Ал тууралуу кийинчерээк кеп кылабыз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар