whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолукту

ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолукту

15-июлда Пекин шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.

Жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.

Ошондой эле КЭР төрагасы 2024–2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесине басым жасады.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар