Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемди кабыл алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, айыл чарба тармактарындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү.
Анда, Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуу маселелери өзгөчө орунду ээлеп, эки өлкөнүн лидерлери тарабынан өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырма берилгени айтылды.
Ушуга байланыштуу, учурда эки тараптуу соодада орун алган техникалык тоскоолдуктарды жоюу жана Кыргызстандын азык-түлүк продукциясын Түркияга экспорттоону жолго коюу үчүн жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон ролу белгиленди.

