Мамлекеттик кызматчылар үчүн антикоррупциялык окутуунун бирдиктүү программасы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн антикоррупциялык окутуунун бирдиктүү программасын иштеп чыгып, ал Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №227-т тескемеси менен бекитилди.

Программа 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында даярдалган. Анын негизги максаты — мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча билимин жогорулатуу жана кызматтык жүрүм-турумдун этикалык нормаларын бекем сактоону камсыз кылуу.

Окутуу программасы төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  • коррупциянын алдын алуу механизмдери;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо;
  • кызматтык чектөөлөр жана тыюу салуулар;
  • этикалык жүрүм-турум стандарттары.

Буга чейин бул багыттагы окутуулар Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында жүргүзүлүп келген. Эми болсо алар бирдиктүү системага келтирилди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери “Мамлекеттик антикоррупциялык саясат” темасында 9 окуу курсу уюштурулуп, 129 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы окуудан өткөн.

Алдыдагы мезгилде бул программа кызматкерлердин жалпы санынын 30 пайыздан ашыгын камтуусу пландалууда. Бул чаралар мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту күчөтүүгө жана коррупциянын алдын алууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз