Башкы беткеРубрикаларЭкологияКыргызстан Индия менен энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан Индия менен энергетика тармагында кызматташат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын алдыңкы компаниялары менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу Нью-Дели шаарында өткөн Bharat Electricity Summit 2026 эл аралык саммитинин алкагында уюштурулду.

Министр индиялык ири компаниялар — KEC International, NHPC, NTPC жана CraticAI Services өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгында энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган эки меморандумга кол коюлду.

Тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактарын кеңейтүү, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана тармакты санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Нойда шаарындагы күн электр станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, энергияны сактоонун заманбап технологияларын изилдеди.

Эксперттердин баамында, мындай кызматташтык Кыргызстанда энергетикалык потенциалды жогорулатууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар