Башкы беткеСаясат жана коомКоомШайлоо–2025: Дин кызматкерлерине үгүт иштерине катышууга тыюу салынды

Шайлоо–2025: Дин кызматкерлерине үгүт иштерине катышууга тыюу салынды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров облустук жана райондук казылар менен жыйын өткөрүп, дин өкүлдөрүнө шайлоо маалында үгүт иштерине катышууга жол берилбестигин эскертти.

Муфтияттын маалыматына караганда, Азирети Муфтий мамлекеттик мыйзамдарга ылайык диний кызматкерлер үгүт иштерине аралаша албай турганын белгиледи. Ал мечиттерде же медреселерде саясий материалдар жана жарнамалар жайгашпоого тийиш экенин баса белгиледи.

Муфтий шайлоо таза жана ачык-айкын өтүшү зарыл экенин айтып, бардык дин кызматкерлерин мыйзамды так сактоого чакырды.

Буга чейин айрым диний лидерлер шайлоо маалында белгилүү талапкерлерди колдогон учурлар катталган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар