Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда фонд тарабынан бир катар инвестициялык долбоорлор боюнча презентация жасалды. Атап айтканда, Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин автоунаа чогулта турган заводду жана индустриалдык паркты куруу долбоору тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, Бишкекке жакын аймакта индустриалдык парк түзүү, электр унаалары үчүн кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо боюнча демилгелер сунушталды.
Тараптар аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргыз тарап инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.


