Бишкекте жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушу башталды

0
2082

Бүгүн Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушу расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Ачылыш аземине катышкан маданият министри Мирбек Мамбеталиев министрлик менен мэриянын ортосундагы тыгыз жана натыйжалуу кызматташтыкты белгиледи.

«Жаңы борбор театралдык коюуларга, концерттерге, кино көрсөтүүлөргө, жаштар демилгелерине жана билим берүү программаларына кеңири аянтча болуп, чыгармачылыктын, диалогдун жана креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү мейкиндикке айланат», — деди ал.

Белгилей кетсек, «Чатыр-Көл» кинотеатрынын эски имараты 2009-жылы министрликтин карамагындагы «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары бекитилген. Бирок 2025-жылы ал авариялык абалда деп табылып, бузуу чечими кабыл алынган.

Андан соң имарат мэриянын балансына өткөрүлүп, керектүү каражат бөлүнүп, заманбап маданий борбордун курулушу башталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз