Башкы беткеСпорт жана туризмТуризм“Ала-Тоо Резорт”: аукциондун экинчи этабы жарыяланды

“Ала-Тоо Резорт”: аукциондун экинчи этабы жарыяланды

“Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коому аукциондун экинчи этабын жарыялады. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААК башкармалыктын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, аукцион 8–10-апрель күндөрү өткөрүлөт. Биринчи этап өткөн жылдын июль айында уюштурулуп, анда жалпы 49 лот сунушталган. Алардын ичинен 14 лот сатылып, калган 36 лот экинчи этапка чыгарылууда.

Аукционго 400 чарчы метрден 6 миң чарчы метрге чейинки жер тилкелери коюлат. Сатып алынган жерлер Кыргызстандын жарандарына менчикке берилип, тиешелүү кызыл китеп менен камсыздалат. Ал эми чет элдик инвесторлор үчүн жер тилкелери 49 жылдык мөөнөткө ижарага сунушталат.

Аукциондун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу максатында ал онлайн форматта уюштурулат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар