Кыргызстанда негизги унаа жолдорунда заманбап Rest Point эс алуу зоналарын түзүү долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Туризм департаменти менен биргеликте маалымдады.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы эл аралык трассаларда айдоочулар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында атайын эс алуу комплекстерин куруу каралган. Бул демилге өткөн жылдын күз айларында башталган.
Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбековдун айтымында, Rest Point зоналары айдоочуларга толук кандуу эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир пунктта дааратканалар, дүкөндөр жана керектүү бардык шарттар каралган. Учурда бул багытта иштер улантылып, жаңы объекттерди көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Белгиленгендей, өлкөдө буга чейин эле бир нече мындай эс алуу зоналары курулуп, иштеп жатат. Тактап айтканда, Ысык-Көл облусунда, анын ичинде Түп – Кеген унаа жолунда заманбап Rest Point пункттары ишке берилген.
Министрликтин планына ылайык, мындай эс алуу зоналары Кыргызстандын бардык эл аралык маанидеги унаа жолдорунда этап-этабы менен курулат. Бул жол инфраструктурасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө шарт түзөт.