Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев ММК өкүлдөрү жана эркин журналисттер менен жолугушуп, сот тутумунун ачыктыгын жогорулатуу багытындагы жаңы кадамдар тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, өлкөдө сот отурумдарын онлайн көрсөтүү механизми киргизиле баштады. Бул система борбор калаада гана эмес, аймактардагы сот процесстерин да камтыйт.
“Ачыктыкты камсыз кылуу үчүн сот отурумдарын онлайн көрсөтүү киргизилди. Бул система региондордогу сот отурумдарды да камтыйт”, — деди Медербек Сатыев.
Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын санарип форматка өткөрүү иштери жүрүп жатат. Эми жарандар арыз-даттанууларын алыстан туруп эле жөнөтө алышат.
Жогорку соттун төрагасы сот бийлигиндеги ачыктыкты камсыз кылуу үчүн журналисттер менен да ачык-айкын кызматташууга даяр экенин белгиледи.
“Сот тутумунун ишмердүүлүгүн ачык, так жана калыс чагылдырууда ММК өкүлдөрүнүн орду чоң. Биздин кызматташтык мындан ары да конструктивдүү өнүгө берет деп ишенем. Фемида өкүлдөрү журналисттер менен ачык иштешүүгө даяр”, — деди төрага.