Башкы беткеМаанилүүIV Элдик курултай декабрда өтөт

IV Элдик курултай декабрда өтөт

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, IV Элдик курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өтөт. Жарлыкта белгиленгендей, форумга 700 делегат катышат. Курултайды уюштуруу, делегаттарды шайлоо жана координациялоо үчүн атайын уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилген. Делегаттар «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланат.

Министрлер кабинетине, Президентинин иш башкармасына, облустук администрацияларга, жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мекемелерге курултайды уюштуруу боюнча тапшырма берилген. Коомдук тартипти камсыздоо Ички иштер министрлигине жүктөлдү.

Эскерте кетсек, үчүнчү Элдик курултай 2024-жылдын 20-декабрында өткөн жана ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү болгон. Мындан тышкары, 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү катышкан.

«Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам 2023-жылдын 24-июлунда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, делегаттардын саны мурдагы 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдан бери айтылып келген, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам буга чейин кабыл алынган эмес.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар