Башкы беткеМаанилүүБүгүн Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми - Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу...

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу китебинин бет ачар аземи өтөт.

Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Унгу жол (Тандалган сөздөр)” китебинде кыйчалыш кырдаалдарда, тагдыр чечер кезендерде эгемен мамлекеттин башчысы кызматына киришкен күндөн тартып эл аралык жана жалпы улуттук денгээлдеги иш-чараларда, жолугушууларда, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн, учурдун урунттуу маселелерине арналып, мурда-кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган макалаларынан, кайрылууларынан, маектеринен, ойтолгоолорунан, ой-пикирлеринен иргелип алынган материалдар топтолду.

Китептин презентациясы Улуттук илимдер академиясында өтөөрү белгилүү болду.

Мамлекет башчысынын тарыхый, саясый, идеологиялык мааниси зор тандамал сөздөрү мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге, илимпоздор менен жаштарга жана жалпы эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналды.

Жыйнактын демилгечилери: Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын кызматкери Нурбек Асаналы уулу, китептин баш редактору — белгилүү адабиятчы Кемел Белеков.

Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Унгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби “Кыргыз Туусу” басма үйү тарабынан даярдалып, “Имак-офсет” басмаканасында басып чыгарылды.

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар