Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен жолугушту

Садыр Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын Президенти Дональд Трамп менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде финансылык технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы өнөктөштүктү талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан табигый ресурстарга бай болбосо да, анын башкы байлыгы — билимдүү жаштар экенин белгилеп, өлкөдө IT-технологиялардын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

Ошондой эле Президент АКШда кабыл алынган Genius Act мыйзамын мисал келтирип, Кыргызстанда улуттук стейблкоин — KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезерв түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү диалогдун улантылышы коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар