Кыргызстанда биринчи жолу шамал электр станциясы ишке киргизилди

0
4098

Кыргызстанда биринчи жолу шамал электр станциясы улуттук электр тармагына алгачкы мегаватттарды бере баштады. Бул тууралуу Жашыл станциялар ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул окуя өлкөдө шамал энергетикасын өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышы болуп саналат.
«Бул куру сөздөн реалдуу генерацияга өтүүнүн далили. Айрыкча долбоордун ата мекендик “Мэтрум ТЭК” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатканы өзгөчө мааниге ээ», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарында өлкөдөгү биринчи шамал электр станциясынын курулушу активдүү уланууда. Долбоор Балыкчы шаарына жакын жайгашкан “Каракол” эркин экономикалык аймагында жергиликтүү “Мэтрум ТЭК” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Инвестор улуттук энергетиканы өнүктүрүүгө 100 миллион АКШ долларына жакын өз каражатын жумшаган.

Шамал паркынын жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттты түзүп, курулуш иштери эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта жалпы кубаттуулугу 50 мегаватт болгон 21 шамал турбинасы орнотулат. Экинчи этапта кубаттуулугу ар бири 2,5 мегаватттан турган дагы 20 турбина курулат.

Долбоор ишке киргенден кийин шамал паркы Ысык-Көл облусун электр энергиясы менен камсыз кылуу менен катар, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоого да мүмкүнчүлүк түзөт.

Адистердин баамында, 2030-жылга карата дүйнө жүзүндө шамал электр станцияларынын орнотулган кубаттуулугу кыйла өсүп, энергияны сактоо системалары менен интеграциялоо технологиялары шамал энергиясын ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү булакка айлантат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз