Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинде 225 орунга ылайыкташкан кошумча окуу корпусунун курулушу башталды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, курулуш иштеринин башталышына арналган иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, жаңы корпус билим берүү сапатын жакшыртууга жана окуучулар үчүн коопсуз, заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи. Ал ошондой эле курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилгенден кийин мектептеги орун тартыштыгы азайып, окуучулар үчүн кенен жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, жаңы корпус келерки жылдын сентябрь айында толук аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

