whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров C5+1 саммитинин алдында билдирүү жасады

Садыр Жапаров C5+1 саммитинин алдында билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн «Борбордук Азия – АКШ» (С5+1) саммитинин башталышынын алдында басма сөз үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы АКШнын Президенти Дональд Трампка жылуу кабыл алуусу жана маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров АКШны Кыргызстандын маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору бааларын белгиледи.

Президент кыргыз-америка кызматташтыгынын негизги төрт багытын белгиледи:

  • экономика жана инвестициялар, туризм;

  • гидроэнергетика;

  • санарип экономика, жасалма интеллект жана IT-чөйрөсү;

  • коопсуздук жана туруктуулук.

Садыр Жапаров Дональд Трамптын глобалдык туруктуулукту жана эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалады. Ал ошондой эле Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүнү артыкчылыктуу багыт катары аныктаганын белгиледи.

«Жыйынтыгында Борбордук Азиянын дүйнөлүк саясаттагы ролу өстү, чоң державалардын биздин аймак менен кызматташууга болгон кызыгуусу артты», — деди Садыр Жапаров.

АКШнын Президенти Дональд Трамп өз сөзүндө Борбордук Азиянын Чыгыш менен Батышты байланыштырган геостратегиялык маанисин белгилеп, экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана жеткирүү чынжырын кеңейтүү маанилүү экенин айтты.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар