«Кыргыз Туусу» гезити жана мезгил

7-ноябрь – Кыргызстанда басма сөз күнү. Бул күн кыргыздын туңгуч улуттук басылмасы — Азыркы кыргыз мамлекети менен тагдырлаш “Кыргыз Туусу” (“Эркин-Тоо”) гезитинин 1924-жылдын 7-ноябрында чыккан биринчи саны менен байланыштуу.

Ошону менен кыргыз басма сөзүнүн төл башы “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезити бир кылымдан ашуун мезгилден бери кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүндө чоң роль ойноп келет. Гезитибиздин тарыхы кыргыз элинин коомдук, саясий жана маданий жашоосунун күзгүсү десек жаңылышпайбыз. “Кыргыз Туусу” түптөлгөн күндөн жаңылыктын жарчысы, мамлекеттин маанилүү маалымат булагы милдетин өтөп келди. Артка кылчайсак кыргыз элинин бир кылымдык тарыхынын дээрлик ар бир күнүн, кайгы-кубанычын, тарых-маданиятын, экономикалык өсүштөрүн, руханий баалуулуктарын өз беттеринде чагылдырып келаткан өлкөбүздүн баш гезити – ушул “Кыргыз Туусу”. Ошондой эле өз учурунда гезиттин тили, кыргыз адабий тилинин калыптанышына, өсүп-өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген.

Бул жагынан алганда “Кыргыз Туусу” кыргыз тилин сактоонун жана жайылтуунун эң негизги булагы боло алды десек, аша чаппайбыз.  Тилди сактоо — бул улутту сактоо. Гезитибиз кыргыз тилин өнүктүрүү аркылуу элибиздин улуттук иденттүүлүгүн, руханий биримдигин бекемдөөгө эбегейсиз зор салым кошту.

“Кыргыз Туусу” — маданиятыбызды колдоп, улуттук баалуулуктарды жайылтуучу бирден бир басылма. Гезит кыргыз адабияты, искусствосу, театр, музыка жана сүрөт өнөрү тууралуу материалдарды жарыялап, окурмандардын руханий дүйнөсүн байытып келет. Азыр да көптөгөн белгилүү жазуучулар, акындар жана маданият ишмерлери үчүн чыгармачылык аянтча. Тагыраак айтканда, ар бир санында бир бети адабият, маданиятка арналат.  Бул жагынан алганда “Кыргыз Туусу” — кыргыз маданиятын, адабиятын жаш муундарга жеткирүүчү көпүрө, улуттук мурастарды сактоонун эффективдүү каражаты деп атасак да болот.

Гезитибиз бүгүнкү күндө коомдо, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды мамлекеттик кызыкчылыкта чагылдырып, ошол эле учурда мамлекетибиздин социалдык, экономикалык саясатын элге жеткирүү вазийпасын аркалоодо. Мамлекеттик программалар, мыйзамдар, реформалар жана өнүгүү багыттары тууралуу коомчулукка маалымат берип турат. Мындан тышкары, “Кыргыз Туусу” элдин үнүн угуп, коомдук көйгөйлөрдү көтөрүп, талкууга салуу аркылуу коомдук пикир жаратууга да салым кошуп — коом менен мамлекеттин ортосундагы маалыматтык көпүрө катары кызматын улантууда.

Учурда “Кыргыз Туусу” гезитинин мамлекеттик басылма катары расмий маалыматтарды, саясат жана коомдук иштер боюнча жаңылыктарды чагылдырууда, элибизге расмий булактардан алынган ишенимдүү, так маалыматтарды жеткирип
келет.

Ошол эле учурда, заманбап медиа дүйнөсүндө “Кыргыз Туусу” да санариптик технологиялардын шарапаты менен интернет аркылуу да элге кызмат өтөөдө..

Сыймыктануу менен айтсак,  “Кыргыз Туусу” — кыргыз журналистикасынын символу жана улуттун руханий дөөлөтү болуп саналат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

 

Акыркы гезиттер

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал жана Ормуз кысыгындагы...

“Түтүн” да сүйүү жыттанат…

Чолпон Орозалиева «Коштошуу» (проза), «Саябандагы муза», «Төгүлүү» ыр жыйнактарынын автору. Жазуучулар союзунун, «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын мүчөсү. Учурда «Кыргыз тили» гезитинде эмгектенет.   Чолпон Орозалиева өзүнө өзү чыйыр салып, басса-турса...

От товара к имени

Как превратить обычный продукт в узнаваемый бренд страны          В глобальной экономике конкурируют не только товары, но и страны. На мировых рынках выигрывают те государства, которые умеют превращать...

Табияттын өзүндөй жөнөкөй да, сырдуу да полотнолор…

Арстанбек Алайкууда, инженер-геологдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаштайынан эле сүрөт тартууга кызыгып, Чыңгыз Айтматовдун каармандарын элестетип, сүрөт тартчу. Ал мындай. Атасы улуу жазуучунун чыгармаларын окуп бергенде, болочок сүрөтчү кыялданып,...

Тоо экосистемасы көңүл борборунда

         Климаттын өзгөрүшү жана экономикалык муктаждыктар, өндүрүш технологияларынын масштабдуу өнүгүшү тоо экосистемасына эбегейсиз таасирин, анын ичинде терс таасирин тийгизүүдө. Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Тоолуу...